Темир Бирназаров: “Бизде кино экиге бөлүнүп калды - чыгарма анан товар...”
Маданият  |   |  4575

Кино-кыноо

Кино тармагында алгылыктуу эмгектери менен таанылган режиссёрлор көп. Бүгүнкү каарманым тарбия багытында тасма тартып келүүдө. Атай кетсек, “Белгисиз маршрут”, “Түнкү кырсык”, “Кумар” жана башкалар. Анда эмесе сөз башынан болсун.

- Адам өмүрү өткүчө балалыгын унутпайт экен...

- Анткени адам баласынын өмүрүндө балалык мезгили, жашоого, дүйнөгө, өзүн курчап турган чөйрөгө болгон кызыгуусу артып, өмүрүнүн эң таза, эң кызыктуу учуру болот. Адамдын келечеги, дүйнөгө болгон мамилеси, көз карашы так ошол бала чагында өзүн курчаган чөйрөнүн таасири менен калыптанат.

- Адамдын мүнөзү кесибине жараша өзгөрүлөбү же...

- Адамдын мүнөзү, анын келечегин аныктайт. Ошондуктан мүнөзүнө жараша кесипке ээ болот. Мисалы бир адам, абдан так, тыкан, зерикпестен бир иштин үстүнөн беш алты ай отуруп иштей берет. Башкасы антип бир жерде тынч отура албайт, бирок далай иштерди чуркап жүрүп бүтүрө берет. Мүнөз куракка жараша, же болбосо өтө катуу таасир бере турган окуяга жараша өзгөрүлөт. Кесипке жараша өзгөрүлбөйт. Ошондуктан мүнөзүнө жараша кесип тандаган адам эч качан жаңылышпайт.

-  Кино экиге бөлүнөт экен. Коммерциялык жана автордук...

-  Мен буга чейин деле айтып келе жатам. Бизде, негизи эле дүйнөдө, кинону эки категорияга бөлүп карасак болот. Чыгарма анан товар. Чыгарма же автордук тасмалар деп, мисалы Тарковскийдин, Бунюэль Жан Люк Годар, Кен Лоуч, Аббас Киаростами сыяктуу режиссерлордун чыгармачылыгын айтсак болот.

Булардын чыгармаларын көрүш үчүн интеллектуалдык көрөңгө болуш керек. Тагыраагы жөн эле көз менен көрүү эмес, акыл эсиң менен талдоону, аналитикалык ой жүгүртүүнү талап кылат.

Тилеке каршы, биздин коомдо мындай чыгармалардын көрүүчүлөрү өтө эле чектелүү. Көбүнчө сүрөтчүлөр, чыгармачыл адамдар кызыгат. Саясатчылар менен бизнесмендер убара болушпайт, да алардын табитине туура келбейт.

Аларга жеңил желпи, көңүл ача турган попсовый нерселер керек. Андай нерселер азыр бизде толтура десек жаңылышпайбыз. Ал эми товар деп, учурда кинотеатрларда тынымсыз, көргөзүлүп жаткан фильмдерди алсак болот.

Мындай товарлар болбосо кинотетарлар жабылып калышы мүмкүн. Булар көбүнчө, өзүнүн каражаттарына, тобокел кылышып, жалпы коомчулуктун табитине ылайык, жеңил-желпи темаларды алышат.

Ал эми автордук кинолор кинофестивалдарга жолдомо ала алат. Кинофестивалдын негизги максаты автордук кинолорду, тагыраагы дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан, жаңыча ой жүгүрткөн, гумандуулукка үндөгөн, дүйнөлүк киноискусствого кандайдыр бир жаңылык киргизе алган чыгармаларга басым жасашат. Демек биздин чыгармаларбыз ушул критейрилерге туура келет го деп ойлойм. 

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями