www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин «жалган» кызматкери кармалды

15-ноябрь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке барып, окуянын чоо-жайын тактады, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Арыз ээси — 1998-жылы туулган У.Э. билдирген маалымат боюнча, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамасында Новопавловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылган. Андан кийин белгисиз тарапка кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБ менен Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көп узабай 1987-жылы туулган Д.А. шектелип кармалды. Расмий маалымат боюнча, ал кызматтык күбөлүк жасап алган.

Документтерди жасоо беренеси да кошулуп, шектүү убактылуу камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости