www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга электрондук тамеки алып кирүүгө чектөө узартылды

Министрлер кабинети 1-июндагы токтому менен Кыргызстанга сырттан электрондук тамеки, никотин жана никотин камтыган суюктуктарды алып кирүүгө убактылуу киргизилген чектөөнүн мөөнөтүн дагы алты айга узартты.

Кыргызстанда электрондук тамеки алып кирүү, сатуу жана пайдаланууга 2025-жылдын 1-июлунан тартып тыюу салынган.

Бузуулар кодексине ылайык, электрондук тамеки тарткан жарандарга 10 миң сом, юридикалык тараптарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жаран 20 миң, юридикалык тарап 65 миң сом айып пул төлөйт

Мындан тышкары электрондук тамекини ири өлчөмдө өлкөгө алып кирүү кылмыш жоопкерчилиги да каралган. Кылмыш кодексине ылайык, буга айыпталгандарга 100-120 миң сом айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки убакта коомдук иштерге тартылат.

Последние новости