www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1–3-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Координациялык кеңешинин VI жыйынына катышты.
Иш-чара Россия Федерациясынын төрагалыгы алдында Саратов шаарында өттү.
Кыргызстандын делегациясын Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гүлбара Ишенапысова жана Координациялык кеңештин мүчөсү Каныбек Кундашев жетектеди.
Жыйындын алкагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин биологиялык коркунучтарга жооп кайтаруу боюнча командаларынын мобилдик лабораторияларды колдонуу менен эл аралык машыгуулары өткөрүлдү.
Кыргызстандын адистери машыгууга активдүү катышып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, биологиялык кырдаалга баа берүү жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу боюнча тажрыйбасын кеңейтти.
Алынган билимдер жана көндүмдөр, анын ичинде тактикалык талдоо жана стратегиялык пландаштыруу ыкмалары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлө турган симуляциялык машыгууларда колдонулат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдиктери күчөп жаткан шартта биологиялык багыттагы мобилдик лабораториялар өзгөчө мааниге ээ. Алар автономдуу режимде иштеп, заманбап диагностикалык ыкмалар аркылуу ыкчам лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, 2015–2024-жылдары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасы алты мобилдик лаборатория алган.
Алар учурда өзгөчө кооптуу инфекциялардын жаратылыш очокторун изилдөө боюнча биргелешкен эпизоотологиялык иштерде пайдаланылып келет.