www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген «Венчурдук каржылоо жөнүндө» жана «Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Мыйзам долбоорлорунун негизги максаты — стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологиялар тармагын өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга ыңгайлуу укуктук шарттарды түзүү.
Документтерде венчурдук каржылоо тармагын жөнгө салуучу негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Анын ичинде «венчурдук каржылоо (инвестициялар)», «венчурдук инвестор», «венчурдук башкаруучу», «венчурдук фонд», «бизнес-ангел», «стартап», «опциондук келишим» жана «конверттелүүчү кредиттик келишим» сыяктуу түшүнүктөр киргизилет.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы өлкөдө инновациялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, инвестициялык чөйрөнүн өнүгүшүнө жана технологиялык ишкердикти колдоого өбөлгө түзөт.