www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦтин эси Сапар Исаков менен кеткенби?

Сапар Исаков өкмөт башында турганда ТЭЦ деген элдин эсинде калган. Балким ошол мезгилден баштап, көмүр кагазда калып ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөнбү? "Кыргыз көмүр” ишканасында жайы менен саботаж болгон, ал азыр деле уланууда.

Бул саботажга коррупцияны жок кылуу аракеттери себеп болуп жатканын кошумчалап, шылуундук иштер кандай жол менен ишке ашып турган. Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. 

Кийин алардын ордун толтуруу үчүн Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет. Ошентип, ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адам камалды. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттууга убакыт жетти.

Буга чейин Кыргызстан аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Бул чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости