www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

«Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» дегендей, Кудай буйруп аткарып келген образдарынын көпчүлүгү башкы каармандар. Кандай роль туш келбесин кыймылы менен гана аткарбастан аны аздектеп, жан-дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн өткөрүп, каармандардын бир-бирине окшобогон кулк-мүнөзүн өтө кылдаттык менен ача билген мыкты актриса. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Айсалкын айым менен бир чай кайнамда баарлаштык.

- Шакирт устаттын күзгүсү болууга тийиш дегенге кошуласызбы?

- Албетте! Бардык эле шакирттер устатынын күзгүсү боло бербейт. Устатын уят кылгысы келбеген шакирт бүт күч аракети менен анын берген таалим-тарбиясын үлгү катары кабылдоосу зарыл. Студент кезимде не деген залкарлардан билим албадым дейсиң.  Жалаң ошол доордун корифейлери: Б. Ибраев, Г. Ибраева, С. Жумадылов, И. Эшимбеков, А. Чокубаев, З. Сооронбаев, К. Сейдалиева, Ж. Балыкбаевалар биздин мугалимдерибиз болду. Улуу залкарлардан билим алып калганым менин бактым! Алар бизге жөн гана сабак бербестен, келечек жашоого да тарбиялашты.

- Ар бир нерсенин учуру-сааты чыгат дешет. Тумар ханышанын ролун аткарууда сиздин учуруңузга бап келген экен да…

- Туура. Кудай мага Тумар ханышаны аткарышымды бешенеме жазып коюптур.

- Айсалкын айым, аткарган каармандарыңыздын ичинен кайсы каарман сиздин мүнөзүңүзгө жакын, ошону билгим келди?

- Шатман Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасындагы Эркайымдын образы менин мүнөзүмө жакын. Спектаклди көргөн адам Эркайымды жаман көрүшөт. Анын жан-дүйнөсүндөгү, тээ көөдөнүнүн түпкүрүндөгү буркан-шаркан болуп жаткан сезимин ким түшүндү?!Назик аялзаттын ички туйгусу менен эчким эсептешип койгон жок.

Туура. Шырдабекти сатып кетти. Себеби ага сүйбөй турмушка чыккан. Атасын дубана кылып, элин чаап кетип, өзүн капаска салып койсо, Шырдакбекке болгон кайсы сезим ойгонмок эле?! Эркайым Чаргындан сүйүү издеди.

Бирок анын сезимин тебелеп-тепсегени, Чаргынга бир гана ак боз ат керек экенин далилдеп койду. Бул жашоого жөн гана келип-кеткен каарманым Эркайымды аяп кетем…Эркайымдагы жан-дүйнө сезимин тузакталганын каалабаган сапат менде да бар.

Адам бул жашоого бир жаралган соң эркин болуусу керек. Мейли чыгармачылыктабы, мейли махабаттабы эркиндикти самаган талант өз максатына жетет. Кудай сезимди сынап дагы, балким акылдан адаштырып дагы берсе керек.

Сезим-бул сөз менен жеткире алгыс улуу нерсе. Канчалык акылың менен башкарайын десең дагы, сен сезимдин жанында алсыз экениңди байкайсың. Акылым менен сезимди жеңе билдим деген бул убактылуу нерсе, өзүн-өзү сооротуу. Бирок ошол сезимди убагында кармап, көтөрө билүү дагы искусство.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости