www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан массалык экономикалык кризис Кыргызстанда жакыр жана жумушсуздардын санынын өсүшүн шарттады. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өлкөнүн Стистика боюнча улуттук комитети биргеликте жарыялаган изилдөөсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы эң жакыр адамдардын, өзгөчө шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты. Талдоо пандемияга чейин жана андан кийин өлкө боюнча чогултулган маалыматтарга негизделет.

"Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон талапты азайтты. Муну менен кошо үй-бүлөлөрдө азык-түлүктү тандоодо да өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан", — деп айтылат отчетто.

Кризистен чыгууда кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген ар кандай күрөшүү жолдорун колдонууда. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жакырчылык уланса, бул көрүнүштү өзгөртүү кыйын болорун эскертти.

Көпчүлүк үй-бүлөлөр оокаттарын сатып, акчасына азык-түлүк алып, башка чыгашаларды кыскартышты. Гуманитардык жардам сурап кайрылып жатышат. Мындай абалдагы бүлөлөрдүн саны 12ден 36 пайызга чейин өстү.

Иликтөөнүн авторлору Кыргызстандын бийлигин жакырчылыкты кыскартуу программаларына көңүл бурууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости