www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешевдин жардамчысы УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жардамчысы Азамат Сабырбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиз Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, Азамат Сабырбековго телефон чалып, УКМКга чакырылган. Кийинчерээк атайын кызматтын кызматкерлери депутаттын жардамчысынын атасына жумушка келип, аны менен бирге Сабырбеков жашаган дарекке барышкан.

Азамат Сабырбеков эмне себептен УКМКга суракка чакырылганы белгисиз.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты менен Октябрь бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер УКМКга суракка чакырылган. Аны менен адвокат жана жардамчыларды көрүүгө уруксат беришкен жок. Кечке жуук Дастан Бекешев сурактан чыгып кетти. Ал каржы булактары, жашы жете элек балдарды агитатор кылып алган-албаганы боюнча суракка алынганын айтты. УКМК агитаторлорго депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн акча төлөнүп берилгенин түшүндүрдү. Мындан тышкары, мыйзам бузуу менен арыз ээсине 18 жашка чыга элек адамдар акчалай сыйлык алуу үчүн үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости