www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди.
Имараттын курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталып, белгиленген талаптарга ылайык толук аяктаган.

Объекттин жалпы аянты 533 чарчы метрди түзөт. Ал Жантаев көчөсүндө жайгашкан.

Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен ишке ашырылган.

Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

Анда «Бирдиктүү терезе» бөлүмү, архив, конференц-зал, кабыл алуу бөлмөсү, бухгалтерия жана кызматтык кабинеттер жайгашкан.

Маалыматка ылайык, Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлү алдында министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди.

Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматкерлер үчүн заманбап иш шарттарын түзүүгө багытталган.

Буга чейин башкармалыктын жамааты эски имараттарда иштеп келген.

Последние новости