www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Токмок шаарындагы тарыхый жетим балдар үйүнүн эски имараты реставрацияланат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Аслан Койчуев билдирди.
Анын айтымында, тарыхый имаратты калыбына келтирүү менен катар анын жанына Президенттик «Акылман» мектеби курулат.
Токмоктогу жетим балдар үйү кыргыз тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. XX кылымдын башында, өзгөчө 1916-жылдагы Үркүн окуясынан кийин ата-энесинен ажыраган жүздөгөн балдар дал ушул жерден баш калкалап, билим алып, тарбияланган.
Кийинчерээк бул балдардын арасынан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, илиминин, маданиятынын жана адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү инсандар чыккан. Алардын катарында мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов, окумуштуу Болот Юнусалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Саткын Сасыкбаев, мамлекеттик ишмер Абдрасул Токтомушев, ошондой эле кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмонов бар.
Аслан Койчуев белгилегендей, тарыхый имаратты реставрациялоо демилгеси өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын сактоого жана кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган.
Социалдык тармактарда жарыяланган архивдик сүрөттөрдө 1921-жылы Токмоктогу жетим балдар үйүндө тарбияланып жаткан Үркүндө жетим калган кыргыз балдары жана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган имараттын калдыктары көрсөтүлгөн.