www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн кеңсесинде «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында Баалоо комиссиясынын үчүнчү жыйыны өттү.

Эки этаптын алкагында жалпысынан 33 гранттык өтүнмө каралды. Биринчи этапта 12 өтүнмөнүн ичинен 10 тандалып алынып, 2 өтүнмө четке кагылды. Экинчи этапта 21 өтүнмөнүн ичинен 20 колдоого алынды.

Натыйжада жалпысынан 30 гранттык өтүнмө 2,5 млн АКШ доллары суммасында (улуттук валютадагы эквиваленти менен) колдоого алынды.

Жыйындын жүрүшүндө токой чарбалары тарабынан сунушталган жаратылыш ресурстарын башкаруу пландарына өзгөчө көңүл бурулду. Алар экме токойлорду түзүү, токойлордун табигый калыбына келишине көмөк көрсөтүү, ошондой эле сунушталган иш-чаралардын эсептөөлөрүн жана негиздемелерин камтыйт.

Талкуунун жыйынтыгында долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга жана токой экосистемаларынын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун бекемдөөгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.

«Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында мамлекеттик токой фондунун болжол менен 3 000 гектар аянтында токойлорду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлөт. 

Долбоорлорду ишке ашыруу токой ресурстарын туруктуу башкарууну чыңдоого жана аймактардагы экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Последние новости