www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-19-мартында Ош шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Тараптар Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин алдында даярдык көрүүгө басым жасап, жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карашты.
Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) жана Тышкы иштер министрлеринин кеңештеринин жыйындарына даярдык көрүүнү талкуулашты.
Уюмдун ишин өркүндөтүү боюнча мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимдерин ишке ашырууга, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны чыңдоого олуттуу көңүл бурулду.
Коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, экология жана гуманитардык алмашуулар чөйрөсүндөгү бир катар демилгелер боюнча пикир алмашуу болду.
Талкуулардын жыйынтыгында тараптардын практикалык кызматташтыкты мындан ары да арттырууга жана алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде сапаттуу даярдоону камсыз кылууга багытталгандыгы ырасталды.