www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токой кызматынын директору Нургазы Чодоевдун демилгеси менен борбордук аппаратта республиканын аймагындагы токой чарбаларынын токойду коргоо жана сактоо боюнча инженерлери катышкан жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө токой мыйзамдарын сактоо, мамлекеттик токой фондунун аймагындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана токой зыянкечтери менен илдеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер кеңири талкууланды.
Ошондой эле жайкы өрт кооптуу мезгилге даярдык көрүү, рейддик иш-чараларды күчөтүү жана токой фондунун аймагында туруктуу көзөмөл жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Токойлорду коргоо — жаратылышты, экологияны жана келечек муундардын коопсуздугун сактоонун негизги багыты.