www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын чет мамлекеттер менен алакасы аз, көбүнчө биз аркылуу жүргүзүшөт. Мындай пикирди акыйкатчы, экс-вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов билдирди.
--"Тажик тарап менен чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу бар, биз чек араны бир тараптуу жабышыбыз керек! Алардын чет мамлекеттер менен алакасы аз, көбүнчө биз аркылуу жүргүзүшөт. Алты айгабы, бир жылгабы жаап салсак кепке келип калышат.
Бир дагы мамлекеттик орган Баткендеги окуяны чек ара инциденти деп атабашы керек, бул инцидент эмес. Бул-Таджикистандын Кыргызстанга болгон куралдуу кол салуусу. Бир тараптуу агрессиялык аракет! Кийин эл аралык сотто биз инцидент деп атап койсок, утулуп калабыз. Азыр бардык массалык маалымат каражаттарында, интернет айдыңында саясатчы, жөнөкөй жарандар, журналисттер дагы материалдарында чек ара чыры деп жазып жатышат. Чек ара чыры же чек ара инциденти деп жазбашы керек. Ошондуктан бардык кабарчыларга, саясатчыларга айтаарым андай атабай, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу деп айтыканыбыз туура”, - дейт экс-министр.
Булак: NazarNews.kg