www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогазиев: «Куралчан кишилер артымдан аңдып жүрдү»

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып октябрь окуяларында кийип жүргөн бронежилети тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бронежилетти ал коопсуздук үчүн кийип жүрүүгө аргасыз болгон.

«Октябрь окуялары болуп жаткан учурда укук коргоо органдарында иштегендер мага криминал тараптан кол салуу болушу мүмкүн экенин эскертишти. Мен аларга толук ишенем. Анткени алар жакын досторум.

9-октябрга чейин 2-3 күн үй-бүлөм менин, мен алардын кайда жүргөнүн билген жокмун. 7-8-октябрда артыбыздан ар кандай унаалар аңдып жүрдү. 9-октябрда темир жол бекети тарапта 2 киши куралчан турат, абайлагыла деп алардын сүрөттөрүн жиберишти.

Аянтты көздөй жөнөгөнүбүздө басып баратканда көзөмөл алсыз болот, жаныңарга келип атып кетиши мүмкүн деп күзөттөгү балдар бронежилет кийгизишти. Алар кайдан алганын билбейм.

Меники калың болчу, кийин билсем башкалардын бронежилеттери жука эле экен. Жукалары жаңы технологиялар менен жасалып, баасы дагы кымбат окшойт (күлүп). Ошол берген бронежилетти алып, үстүнөн курткамды кийип алгам», - деди Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости