www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 4-октябрдагы башаламандыктан кийин бийлик алмашып, креслолор талаш болуп отуруп эл бир топ убаракерчилик тартты.

Учурдан пайдаланып кээ бир саясатчылар азаттык да алышты.

Ага улай ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков элдин каарынан корктубу, айтор, «кан төгүлүшүн каалабайм» деп суудан таза сүттөн ак болуп чыгып кетти.

Парламенттик шайлоону жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына бекитти.

«Уйт» эле дегенде презиленттик такка отурам деп ырчы-чоорчу, дыйканчы, «киночу менен куудулу» жарышка түштү. Калганын айтпа эле коелу. Алардын арасынан өзүнө ишенип-ишенбей, ким эмнени айтса артынан ээрчий бергендерин кечээ бир талапкер бир жерин к*стырып койду өңдөнөт. Ошентип отуруп акырында 18 талапкер иргелип алынды.

Адардын шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталды. Саясатчы да эми кантсе да баары. Баарибир ызы-чуусуз бир да күн жашай албайт да. Башталганда эле «мени тигил жакка барсам кабыл албайт, мени коркутту, мен силерди жыргатам, байытам» деген баягы эле эски «пластинка» жаңыра баштады.

Кечээ эле абактан чыгып, элди кантип башкаруу керектигин үйрөтүп чоң саясатчылардын кыжырына тийип жаткан Садыр Жапаровдун үгүт ишине тартылган жаш кызды эмне мынча кыйнаганын билбейбиз, ал Садыр Жапаров элге баягы «лапшадан илип» бүткөнчө эле сахнадан эсин жоготту. Ал жерде Жапаров эмнени айтып ишендирип жатканы боюнча азырынча кабарыбыз жок.

Ал эми Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун тандабай туруп катышып келе жаткан Адахан Мадумаров болсо, Ысык-Көлдүктөрдөн коркуп калган имиш. «Көлдүктөр менин колдоочуларымды коркутту» деп ал эмнени айткысы келди болду экен? Мадумаров жаш баладай айылга кире албай койгонун заматта эле БШКга арыздана койду эле, эми Мадумаровду Ыссык-Көлгө Мамытканов коштоп-коргоп жүрмөй болду.

Талапкерлер такка отуруш үчүн эмнелерди гана кылбайт десеңчи... Айрым ЖМКлардагы маалымттарга таянсак, бириси №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаевге жылкынын этин берип, колдоосун алмакчы болгон экен. Бирок, Атамбаевге эт жакпай калганбы же жылкынын этин тоготподубу, айтор, белекти кабыл албай койгон имиш. Бир жылкынын этине түшкөн кайсы талапкер экени боюнча азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын.

Бул ортодо Абдил Сегизбаев деген жигит бир иш жасоо алдында чөнтөгү менен кеңешпейт го сыягы. Кечээ эле ал «менин плакат чыгарганга акчам жок» деп наалыптыр эл алдында сүйлөп жатып. «Кыргызда бир жакшы сөз бар жылкыңа карап ышкыр» дейт. Сегизбаев деле жылкысынын санына карап бир ышкырса туура болмок го дейм ыя?

Мунун баары шайлоо өнөктүгүнүн биринчи эле жумасындагы окуялар болду. Алдыда дагы кандай «спектаклдар» болот аны дагы көрө жатаарбыз.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости