www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табигый майлардын сиз билбеген касиеттери

Сулуулукту баарыбыз жакшы көрөбүз. Алтургай, көпчүлүгүбүз бул үчүн бир топ каражат жумшоого кайылбыз. Косметикалык каражаттар кээ биринин терисине жакса, экинчисине терс таасирин тийгизип коюусу толук мүмкүн. Табигый майларды колдонуу коркунуч туудурбайт.

Бадам майы

Курамына: Е, В2 витаминдерин, натрий, темир, цинк, фосфорду камтыйт.

Бадам майы – бетти агартууга, серпилгичтигин арттырууга, безеткини, безеткиден калган тактарды кетиргенге жардам берет. Күндө уктаар алдында сүртө жүрсөңүз тери агарып, жумшарып, тактар кетип жатканын байкайсыз. Алгачкы майда бырыштардын түшүүсүнүн алдын алат.

Чач какачтап, кургап  жаткан учурда аталган майды колдонуу туура чечим. Бул үчүн чачтын түптөрүнө сүртүп 30 мүнөт ороп, андан кийин жууп салуу керек.

Кастор майы

Курамы: А, Е витаминдерине кальцийге бай.

Кастор майынын жардамы менен каш, кирпик, чачты өстүрүү менен бирге бекем кыла аласыз. Чач үчүн майды бир аз жылытып, түбүнө сүйкөп, 15-20 мүнөт полиэтилен баштыгын кийип, андан соң жууп салыңыз. Жумасына бир жолу колдонуу сунушталат.

Серпилгичтүү, бырышы жок беттин ээси болом десеңиз, бетти таза жууп, чакан идишке 400 грамм кайнак суу куюп, майдан 1 чай кашык куюп, ошол сууга бетиңизди буулаңыз. Анан бетти кургатып аталган майды сүртүңүз. Аптасына бир жолу колдонуу жетиштүү.

Зайтун майы

Курамында: А, Е, Д витаминдери бар.

Зайтун же болбосо оливка майы илгертеден “сары алтын” деп айтылып келген. Анын эң негизги касиети – беттин терисин нымдандырат. Бал менен жакшы айкалышат. Бет майдын ордуна колдонсоңуз жакшы жардам берет. Ар дайым чачты жуурдун алдында түптөрүнө сүйкөй жүрсөңүз, өңү жакшырып, түшүүсү токтойт.

Булак: NazarNews.kg

 


 

 

Последние новости