www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө үрөй учурган жол кырсыктан 7 киши каза болду

Токмок шаарындагы айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы болуп, жети киши көз жумду. Бул тууралуу  ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМ Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн билдирди.

Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, каргашадан үч эркек киши жана төрт аял каза тапкан. Мындан тышкары, төрт адам жабыркап, Тез жардам унаасы менен Токмоктогу ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге куткаруучулар, медиктер жана милиционерлер барган. Кырсык боюнча кенен маалымат азырынча жок. Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости