www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айран - арыктоонун жакшы ыкмасы

Айран - арыктоонун жакшы ыкмасы 
Адистердин айтуусуна таянсак, организмди тез арада ачкачылык менен арыктатууга аракет кылуу - бул адамдын өзүн-өзү кыйноосу. Ал эми туура жолу - диетанын медицинада текшерилген түрүн колдонуп, же спорт менен машыгып арыктоо. Дал ошол текшерүүдөн өткөн, айымдар арасында кеңири колдонулуп келген диеталардын бири - айран диетасы. Айран адамдын кан басымын жана нерв системасынын жакшы иштешине жардам берет. Ичегини тазалап, тамакты оңой сиңирүүгө шарт түзөт. 

Бой мүчөнү кантип жакшыртабыз? 
Негизи фигураны жакшыртыш үчүн тамактан баш тарткандын ордуна өлчөмүн бир аз гана азайтып койгонунуз оң. Ал эми кант кошулган тамактарды же суусундуктарды ичпей койсоңуз болот. Анын ордуна айран ичиңиз. Тагыраак айтканда, 35 күн бою эртең менен 200 гр. тооктун сорпосу, 2 кесим нан, 150 гр. жашылча салаты, 2 чай кашык бал, 200 гр. айран. Түшкү тамакка сууга башкан картошка же күрүч, 2 кесим кара нан, 200 гр. айран, кечинде саат алтыга чейин 150 гр. жашылча салаты, 200 гр. айран. Жуманын бир күнүндө сөзсүз түрдө тамак жебей, жалаң айран ичүү керек. Мындай диетада сиз ар бир он күнүнө үч ашыкча килограммдан кутуласыз.

 Арыктоонун дагы бир сыры 
Кышкысын башка мезгилдерге караганда тамакты тоё жеп, көбүрөк витаминдерди алууга аракет кылабыз. Бул убакта кандай диета кармоо керек? Сиз эч нерседен коркпой эле каалаган тамагыңызды жей бериңиз. 

Бир гана эскертүү: куурулган тамактардан сактаныңыз. Анткени, куурулган тамак организмге айрандын таасир этүүсүн азайтат. Кышкысын түн канча узун экенине карабай, кечки тамактан баш тартып коюңуз. Анын ордуна 1 кесим кара нан менен 200 гр. айран ичиңиз. Бул диетаны кыштын акыркы бир айында кармасаңыз, 10-15 кг. жоготуп, жазында эң келбетүү айымдардын катарына киресиз.

Тамакты кантип сиңирсе болот? 
Эгерде 2-3 күндүн биринде күндүзү тамакты ылгабай, тойо жеп алсаңыз, кабатырланбаңыз. Мындан сиздин салмагыңыз көбөйбөйт. Анткени, күндүз жеген тамак көбүнчө кыймыл аракетке кеткен энергияга жумшалат. Аркасынан дароо 150 гр. айран ичип коюңуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости