www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Негизи дин менен ойногон өтө чоң жаңылыштык», - деди бүгүн, 13-январда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Токтогул Какчекеев

- Токтогул агай, Казакстандагы болуп өткөн окуяны Токаев «Эл аралык терроризм» деди. Ал чындыкты айттыбы же бийлигин сактап калуу үчүн элдин башын айланттыбы?

- Казакстан дүйнөлүк талашка түштү. Себеби, төңкөрүшчүлөрдүн максаты ишке ашпай калды. Эми ар тараптуу күрөш күчөйт. Бирок, Токаев кылмышкерлер менен диндин биригиши коркунуч туудурат деп орундуу жана даректүү сөзүн айтты.

Ошон үчүн аны элдин башын айландырып, бийлигин сактап калуу үчүн «эл аралык терроризм» деп айтты деген ойдон алысмын. Анткени, Токаевдин да айтканын жөнү бар.

Себеби, эл аралык террористтерди жергиликтүү элден даярдайт. Мисалы, 1999-жылы болгон Баткен окуясында ИДУнун арасында түштүк тараптагы кыргыз жарандары да болгон.

- Казакстандагы ызы-чууга кымбатчылык себеп болдубу же «эларалык террористтер» чын эле коркунуч жараттыбы?

- Негизи Казакстандагы жагдайдын күч алышына, элдин көчөгө чыгышына социалдык абал себеп болду. Негизи дин менен ойногон өтө чоң жаңылыштык. Бирок, акыркы убактарда терроризм мусулман кыймылдарынан чыгып жатат.

Айтайын дегеним, дин саясатташып кетти. Дагы Кудай жалгап, абал турукташып калды. Болбосо мындан да башкача болуп кетиши мүмкүн эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости