www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарына Токтогул районунда белгисиз жарандар тарабынан коркутуу жолу менен 500 миң сом акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул кылмышка тиешеси бар деп күбө катары 7 жаран Тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак жүргүзүлгөн. Аныкталгандай, алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Алардын ичинен бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган К.Э. жана 2002-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости