www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Төлөгөн Келдибаев менен өкмөттүн аракеттери жана милициялардын кошумча каражаттан баш тартканы тууралуу сүйлөштүк.

--Казактардын токтомун көчүрүп алган өкмөттүн мындан ары иштөөгө укугу барбы?

--Казакстандын өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасы деген сөз менен алмаштырылып ага өкмөт башчы кол койгонго чейин тийиштүү министрлик жана башка комитеттердин, өкмөттүн укуктук бөлүмдөрү тарабынан токтомдун долбоору каралат. Өкмөттүн токтому бүткүл өлкө аймагында аткарыла турган ченемдик укуктук акты болуп эсептелет. Анан бул токтомду бир да министр же Өкмөт башчы окубай кол коюлганы өкүнүчтүү. Токтомдун долбоору боюнча бир адиске айтылган. Ал Казакстандын өкмөтүнүн сайтына кирип көчүрүп даярдап, оңой кутулган. Ошон үчүн бул токтомдун долбоорун даярдаган жана Өкмөт башчы кол койгонго чейинки тийиштүү жооптуу адамдарга юридикалык баа берилиши керек.

--Токтомду жөндөп жаза албаган Өкмөт антикризистик программасы менен элди каатчылыктан чыгарып кете алабы?

--Азыркы Өкмөт өлкөнүн кризистик абалдан чыгуунун жолдорун иштеп чыга албайт. Анткени, өлкөдөгү 30-жылдан бери болуп жаткан тартипсиздик, мыйзамсыздык, акыйкатсыздык, уурулук, коррупция өлкөнү отургузуп койгондуктан өлкө экономикасы кубатсыз, бечел болуп калган. Ошон үчүн мындай кырдаалдан чыгуу өтө оор. Таажы вирусу бийликтин экономикалык жактан алсыздыгын жөндөмсүздүгүн далилдеп койду.

--Милициялар кооптуу күндөрү иштегенине карабай өз эрктери менен кошумча төлөнчү каражаттан баш тартты дегенге ишенесизби?

--Милициялар кошумча каражаттан баш тартты деген сөз негизсиз. Ошондой эле мыйзамга, Эмгек кодексине каршы келет. Анткени, кошумча иштегендиги үчүн Эмгек кодексине ылайык каражат төлөнүүгө тийиш. Ар кайсы шылтоону айтпай мамлекет төлөп бериши керек.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости