www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Туризм өлкө казынасына миллиондогон сом киреше алып келе турган тармактардын бири», - деди бүгүн, 17-январда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.
- Төлөгөн мырза, президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын көчөлөрүндөгү LED-экрандан көрсөтүлгөндөн кийин түрк телеканалдарынан Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу көрсөтүүлөрдү бере баштады. Президенттин лыжа тепкени кышкы туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымыбы?
- Туризм өлкө казынасына миллиондогон сом киреше алып келе турган тармактардын бири. Египет жана башка мамлекеттердин негизги кирешеси туризм болуп эсептелет.
Президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги чет мамлекеттерде жарнамалык багытта көрсөтүлүп жаткандыгы өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө салымы болушу мүмкүн.
Анткени, Кыргызстандын кышкы туризм тармагын өнүктүрүүгө көптөгөн жарнамалык аракеттер керек. Андан башка чет өлкөлөрдөн, өлкө ичинен туристтерди тейлей турган конок үйлөрү жана башка шарттар түзүлүшү керек.
Эң негизгиси, баалары ачык болушу шарт. Социалдык тармактар аркылуу суроо жоопторун жана туристтер өз өлкөсүндө туруп кайсыл конок үйгө жайгашуусун биле турган тандоо мүмкүнчүлүгүн жана шарттарды түзүү керек. Болбосо жарнамалык роликтерден пайда чыкпай калышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg