www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Кара-Буура районунун мурдагы акими Төлөгөн Наралиевге "Кара-Буура районунун Ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылды. Бул тууралуу Бакай Абдымалик билдирди.
Биздин айыл Таластын этек жагында жайгашкан. Кышы жылуу, жайы салкын керемет жер. "Туулган жердин топурагы алтын" - демекчи, Көк-Сай айылым көзүмө өзгөчө жылуу көрүнүп жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган. Айылыбыздын так ортосунан айтылуу Күркүрөө суусу агып өтөт.
Таштан -ташка урунуп шар аккан суу болгондуктан Күркүрөө аталып калса керек...
Окуучу кезимде Күркүрөө суусуна арнап жазган ыр саптарым эсиме түштү:
Шаркырап жайы кышы урунуп таштан-ташка,
Агып жатат соолубастан, дем берип кары жашка!
Аймакта биз жашаган суу да жок мындан башка,
Атыңдан кагылайын! Күркүрөө тунук кашка!
Биздин айылдын адамдарынын көбү мүнөздөрү кылычтай курч, хандан бектен кайра тартпаган өктөм болушат. Алардын катарында айылдаш акем Төлөгөн Наралиев да бар.
Убагында, 2010-жылдагы революцияга активдүү катышып "Апрель революциясынын баатыры" наамын алган. Эки жылдан ашуун Кара-Буура районунун акими болуп барандуу жумуш аткарууга жетишкен. Башкасын айтпаганда да залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун эстелигин райондун борборуна орнотуп көпчүлүктүн көөнүнө жаккан жагдайы бар.
Ушул акебиз бүгүн "Кара-Буура районунун Ардактуу атуулу" - деген жогорку наамга татыктуу болду. Андыктан айылдаш иниси катары астейдил куттуктап турган кербезим.
Сыйлык кут болсун Төлөгөн Байызбекович! Сыйлык сиздик, сыймык биздики!
Бакай Абдымалик
Булак: NazarNews.kg