www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тоо-кен тармагы бюджетке 46,5 миллиард сом киреше алып келди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министерствосунун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясында билдиришти.
Январь — июнь айларынын жыйынтыгы боюнча тоо-кен тармагындагы ишканалар бюджетке 46 миллиард 500 миллион сом салык жана төлөм төлөшкөн. Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылы бул көрсөткүч 28 миллиард 300 миллион сомду түзгөн. Өсүш 18 миллиард 200 миллион сомду түздү.
Ведомство лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдарды администриялоодо байкалаарлык натыйжаларга жетишти:
Пландын аткарылышы: 2026-жылдын 30-июнуна карата ЛКЖ боюнча түшүүлөр 461 миллион 100 миң сомго жетти.
Планды ашыгы менен аткаруу: 375 миллион сом деңгээлинде бекитилген жылдык план 22,85 пайызга ашыгы менен аткарылды.
Пландан тышкаркы кирешелер: Бекитилген жылдык пландан ашкан сумма 85 миллион 700 миң сомду түздү.