www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында дагы бир билерман болуп, сыр бербей зыңгырап жүргөн экс-мэр Албек Ибраевдин ач көздүгү айнинеленип, УКМК тапартан анын кылык-жоруктары ачыкка чыкты.
Айланайын, там-тарак, имараттарды менчиктеп алсын, ага каршылык деле жок. Анткени “мен чиновник” дегендердин жок дегенде он, он бештен ашык тамы бар. Ал эми тоону, токойду, 320 га жерди менчиктеп алган Албек мырзанын жоругун угуп алып, күнөөсүз жерге түкүрүп алып, эки жакты элеңдеп карап алдым, эч ким көргөн жокпу?-деп.
Анткени 5500 сом айып пул төлөп каламбы деген ойдо.
Айткандай Калыс Ордо жаңы конушуна салынган мектептен эле өкмөткө 95 миллион сом зыян келтириптир. Бир мектептен эле ушунча акча жеп жаткан эргулдун көзүнө тоо, токой, талаа-түс көрүнбөй коймок беле?
Бир жагынан туура кылат, кытай менен казакка кеткенче өз жаран эмеспи, колунан келсе сатып ала берсин, биздин өлкөдө эмнелер гана сатылбайт –деп гана тим болбоско айла жок.
Булак: NazarNews.kg