www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Kaktus.media редакциясынын жаңы ченемдик-укуктук актылардын күчүнө кириши менен жаралган көйгөйлөр тууралуу макаласына  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы толуктоолорду киргизүү максатында төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы менен укук коргоо органдарынын макулдугунун негизинде мамлекеттик жана расмий тилде процессуалдык документтердин үлгүсү түзүлүп чыгып, республикалык ички иштер органдарынын аймактык тергөө бөлүмдөрүндө таратылып берилген.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан түзүлгөн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү убактылуу жобосуна жана жаңы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине  ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери (нөөмөт кызматкери менен жардамчысы) баардык кырсыктар жөнүндө маалыматты анын ичинде кылмыштарды жана жоруктарды кабыл алышат, ошондой эле маалыматтарды каттоо журналына аларды каттоону ишке ашырат.  Нөөмөт бөлүмдөрү  тарабынан кабыл алуу күнү-түнү ишке ашат.

Кырсык же кылмыш болгон жерге тергөөчү же алгачкы текшерүүчү ыйгарым укуктуу кызматкерлер байланыш каражаттары аркылуу кырдаалды нөөмөт кызматкерине түшүндүрөт,  ал эми өз кезегинде нөөмөт бөлүмү маалыматты Маалыматтарды каттоо журналынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизет. Андан сырткары авариялык абал түзүлгөндө же Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү мүмкүнчүлүгү жок боло турган болсо, кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү маалыматтар кагаз түрүндө кылмыштардын жана жоруктардын жасалгандыгы же жасоого даярданып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо журналына катталат. 

Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн журналда тиешелүү  графтар менен толтурулат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы  тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча иш үчүн республиканын ИИОнун аймактык бөлүмдөрүнө  логиндер  сыр белгилери менен берилип, учурда кадимкидей иштеп жатат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги республиканын аймактык ички иштер органдарынын тергөөчүлөрүнө, ыйгарым укуктуу алгачкы текшерүүчүлөрүнө жана нөөмөт бөлүмдөрүнө  жеке компьютер, көп тармактуу жабдыктарды (сканер, принтер, факс), топтоочу дисктерди, видеокамераларды сатып алып, таратып берген.

Ал эми Бишкек шаарында тергөөчүлөрдүн жетишпестиги боюнча түшүндүрөбүз, Бишкек ШИИББде жана Чүй ОИИББде, Ош ШИИБде жана башка облустарда тергөөчүлөрдүн кызмат ордуна ваканттар жок. Ошондой эле Тергөө кызматына ИИОнун башка бөлүмдөрү менен кызматтарынын кызматкерлеринин которулушу орун алууда. Жогорку юридикалык билими бар жарандык калктан дагы талапкерлер кадрдык резервде бар.Жаңы кодекстердин киришине байланыштуу Министрлик тарабынан тергөөчүлөрдүн ишинин татаалдыгы изилденүүдө. Кийин   ишинин оорлугуна карата тергөөчүлөрдүн аймактык бөлүмдөрүнүн штатын кеңейтүү боюнча маселелери каралат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Источник: NazarNews.kg

Последние новости