www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Полковникти өлтүрө сүзүп качып кеткен

2019-жылдын 10-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө  Бишкек-Торугарт  айлампа жолунан он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сузүп кетти деген маалымат 102-кызматы аркылуу аркылуу келип түшкөн. Түшкөн маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнүн тергөө ыкчам тобу барган кезде төмөнкүлөр аныкталган. Болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек-Торугарт айлампа жолунун он алтынчы чакырымынан Алга айылынан белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа 
менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып жолдон белгисиз азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү алган ар кандай жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн жол кырсыгы боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо протоколу түзүлүп, схемасы чийилип 
белгисиз жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин Ысык-Ата районунун өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча милициянын каналдары аркылуу багыттамалар берилип, “Тосуп кармоо” иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгисиз жөө жүргүнчүнүн өздугү такталып, ал Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү милициянын подполковниги 1982-жылы туулган Касымалиев Күнболот экендиги аныкталды.
Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, керек болгон алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Ардагерлердин Кеңеши жана өздүк курамы ошондой эле Нарын ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы, Ардагерлер Кеңеши ОИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкери милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевдин кутүүсүз кырсыктан улам каза болгондугуна байланыштуу маркумдун үй бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең 
бөлүшөт. Күнболот Касымалиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө 
сакталат деп билдирет ИИМдин Басма Сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости