www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул кишинин багы мансап жактан Бакыткандыкынан дагы чоң экенин ким билбейт.
Жалаң үлкөн кызматтарды аркалап, жок эмне экенин билбесе деле керек.
Бирок, акыркы кездерде жем корлукка белчесинен батып, өлкөнүн өсүшүнө бут тоскондордун катарын толуктап, кылмыш иши айгинеленип сурак берип жаткан Жантөрө Сатыбалдиевди эптеп бошотуп алуунун амалын кылып жаткан аракети элге желдей тарады.
Бир жагынан абдан туура кылат. Анткени жакшылыкты да биле жүргөн жакшы эмеспи. Жантөрө мырза эки чылбыр, бир тизгинди колуна алып, өлмөт башчы болуп турган кезде, тактап айтканда 2012-жылы Исхак мырзаны салык тармагынын чоңу кылып дайындаганда Исхак мырза көк акчага көмүлүп эле калса керек.
Анан ошол көк акчанын жардамы тийип, минтип депутат болуп олтурганда, табакташына жардам берип койгону бул адамдык сапат деп билсек болот. Бирок өлкөнү артка тарткан жем корлорго жардам берген, эл душманы экенин да эске алганы жөндүү.
Бердикожо мырза
Булак: NazarNews.kg