www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында ажо өз сөзүндө минтип айтты:
-“Жакында мугалимдердин айлык акысы жогорулайт. Мен ажолук такка ат салышканда, убада кылгам, ал убадамдын өтөсүнө чыгам. Мына учуру келди,мугалимдердин айлык акысын көтөргөнгө” -деп айткан сөзү, эптеп күн өткөргөн мугалимдерден жүзүнө күлкү тартуулады.
Бир жагынан эмгекти да баалай билиш керек. Анткени алиги чоң кызматта иштеп, коррупцияга берилип, бюджетке бөлүнгөн акчага көз артып, ач көздүккө берилгендер да мугалимден билим алып, ушул даражага жеткен.
Ооба, “Москва бир күндө курулган эмес” деп айтылгандай, ажо дагы аз-аздан коррупцияны тизгиндеп, өзүнүн убадасын аткарып келе жатканына да көңүл буруп койгонубуз туура, сын айтып, каралай бербей.
Эгер мугалимдердин айлыгы көбөйсө, анда мугалимдик кесипти чангандар кайра издерине кайтып, мектептеги көнүп калган иштерин улантып, иш оң жагына оору турган иш. Анткени айлык аздын айынан канчалаган мугалимдер базарда иштеп, тыйын эсептеп калышты. “Базар пейилди бузат” деп да айтылган эмеспи.
Бердикожо мырза
Булак: NazarNews.kg