www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор, балдар жазуучусу, сөз баккан, сөздүн кадырын билген, мыкты педагог  Сулайман Рысбаев  Манас эпосунун касиети боюнча жана Манасты кыргыздар кайсыл убакта айттырганын  айтып берди.

Эзелтен элибиз "Манас" эпосун ыйык тутчуу. Башына кыйын күн түшкөндө манасчыларды күпүлдөтө күнү -түнү айттырчу:

- элди илдет каптаганда айттырчу;

- жыл катаал болгондо айттырчу;

- жут болуп мал кырылганда айттырчу;

- мал ылаңдаганда айттырчу;

- жай анкак болуп, эгин күйгөндө айттырчу;

- элден ыйман кеткенде айттырчу;

- эл башына кыйынчылык түшүп, жол таппай турганда айттырчу;

- элге-журтка жакшылык, ыйман -ырыскы тилеп айттырчу. Ошондо асмандан нур түшүп, Манастын руху жаап, табият ордуна келип, элдин турмушу нугуна түшүп, ырыскы-бакыт, ынтымак келчү.

Бүгүн биз дагы мекенибиздин борбору Бишкекте, Бишкектин борбору Ала-Тоо аянтында күн сайын "Манас" эпосун радиодон угуп рухубузду тазалап турсак, Манас атабыздын эстелигине "жан кирип" бизди жакшылыкка шыктандырып турса, элибиз жакшылыктын жолуна түшүп, жетекчилилерибизге ыйман, жаштарыбыза ырыскы жаап, маданиятка өзүнөн өзү жол башталат беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости