www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын подполковниги, Нарын облустук  ИИББсинин улук опери Касымалиев Күнболотту 9-январдын түнү өлтүрүп кетишкени ЖМКлар жазып чыгышты. Маркумду кечээ түндө  Бишкектеги туугандарынын үйүнөн тааныштары чакырып кетишкен.

Окуянын чоо жайы кандайча болгону тууралуу азырынча такталып жатат. Учурда Касымалиевди өлтүрүүгө шектүү катары милицияда мурун иштеп кетишкен эки шектүү кармалып, сурак берип жатышат. Колго түшкөндөрдүн арасында бир адам мурун түрмөгө олтуруп чыкканы далилденди.

Ал 37 жашта эле. Анын сөөгү бүгүн таңга маал  менен Кант шаарында табылган. Унаасы «Дордой» базарынын аймагынан табылды.

Эске салсак, Күнболот Касымалиев ИИМдин академиясы бүтүп, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы райондорунда татыктуу кызмат өтөгөн.

Ал 3 баланын атасы болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости