www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий жана коомдук ишмер, Топчубек Тургуналиевдин "Майдан.kg" гезитине жарыяланган маегин айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз. 

--Кезектеги парламенттик шайлоо кандай болот дейсиз?

--Алты миллиондун тегерегиндеги эли бар Кыргызстан үчүн чакан гана парламент керек. Депутаттарынын саны 120 эмес, 90 болсо жетишет. Акыркы айларда дүйнө жүзүн каптаган коронавирус деген алааматтын биринчи толкуну Кыргызстанды аябагандай чоң экономикалык, социалдык, адептик, каржылык жоготууларга учуратты. Экинчи толкунунун кесепеттери кандай болорун эч ким билбейт. Өндүрүш жарым-жартылай токтоду, токтобогондору аксоодо. Республикабыздын быйыл гана эмес, келерки жылы кайра өнүгүү жолуна түшүп, кирешеси арта башташы күмөн. Эл өзгөчө кыйналбасын десек, баардык жерде үнөм-сарамжалды киргизүү, аны Жогорку Кеңештен баштоо керек. Депутаттардын санын 120дан 90го түшүрүү зарыл дебедикпи. Отуз депутаттан үнөмдөлгөндөр ондогон миллион сомдорду түзөт.

--Бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү башка жолдору деле бар да.

--Ооба, мен Кыргызстанда аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу боюнча долбоорду даярдап, аны 1991-жылы "Кыргыз Руху" гезитинин 3-январдагы санына жарыялагам. Кыргызстанда азыр 7 облус, 40 район, 32 шаар, 454 айыл аймагы бар. Мынча административдик бирдиктерди кармоо үчүн казынадан ондогон миллиарддаган каражаттар кетип жатат. Айрымдары таптакыр акылга сыйбайт. Чүйдө эки айыл өкмөтүнүн кеңсеси бир имаратта жайгашкан жерлер бар, ал эми көпчүлүк айыл аймактары мурдагы мезгилдеги бир айылдык кеңештен экиге же үчкө бөлүнүп чыккандар.

--Оодандарчы?

--Оодандардын көпчүлүгү деле ошондой. Кара-Суу районунун эли 450 миңдей болсо, 16-20 миңдин тегерегиндеги тургундары бар Чаткал, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорун кармоого деле ошончодон райштаттык бирдиктерге акча бөлүнүүдө. Облустардын баардыгын жоюп, Республика боюнча ирилешкен 22-25 районду, 170-200дүн тегерегиндеги айыл аймагын калтырган аймактык-административдик реформа ишке ашырылса, милиарддаган сомдук каражаттар үнөмдөлмөк.

--Андан дагы кандай утуштар болмок?

--Чиновниктер канча көп болсо, бюрократия ошончолук күчтүү болот. Бюрократия менен коррупциянын киндиктери бир. Тигиндей чукул өзгөрүү бюрократияга, коррупцияга катуу сокку болот эле.

--Илгери кандай болгон?

--Мурда Кыргызстандын аймагында 16-17 эле район болгон. Маселен, Чүйдү үч топко эле бириктирип койсо болот. Талас облусу мурда бир район эле. Маалыматтык, каттоо техникалар өнүгүп, санариптештирүүнүн арааны жүрүп жаткан мезгилде аларды бириндетип кармап туруунун зарылдыгы барбы? Менимче, жок. Азыр элдин көпчүлүгү оодан-дубандардагы иштерин айылынан чыкпай эле интернет аркылуу бүтүрө алышат.

Аймактык-административдик реформа ишке ашырылса үч маанилүү нерсе чечилмек. Биринчи, бюджеттик миллиарддаган каражаттарды үнөмдөп, өндүрүшкө, социалдык иштерге жумшаса болот. Экинчи, бюрократия, коррупциянын тамыры көөлөнөт. Үчүнчү, коррупция азаймак.

--Коррупцияны кантип ооздуктоо керек?

--Мындан эки жарым жыл мурда президент Жээнбеков коррупцияга каршы Чоң казат жарыялап, жемкорлугу ашынгандардын көбүн карматты, каматты. Булар кийинки кылмыштар. Айрымдары качып кетишти. Кармалбагандары мурдагыдай эле кычырап жүрүшөт. Биягынан карматса, тиягынан жаны коррупционерлер чыгууда.

--Тэ-э, 25-30 жыл мурдагы былыктарычы?

--Совет мезгилинде элибиз миллиарддаган-тридлиондогон байлыктарды топтогон эле. "Прихватташтыруу" мезгилинде миллионерлерге айлангандар бар. Алардын бири - Алмаз Атамбаев. Ал 6 ири заводду ит арзанга сатып алып, жабдууларын металл сыныктары катары сатып, талкалап жок кылган. Андай иштерге Ф.Кулов да аралашкан. Алардын көбүнүн баштарынан бир тал чачы да түшкөн жок. Коррупция менен күрөшүүнүн экинчи толкунун мурдагы он жылдыктарда эл эсебинен эпсиз байыгандарга буруу керек. Алардын далайы бүгүн деле бийликтин бардык тармактарында отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости