www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун апелляциялык даттануу процесси каралып жаткан учурда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик айыптоочунун корутундусу окулуп жаткан учурда соттолуучулардын тарапкерлери, туугандары “Позор”, “Акмак”  деп кыйкырышып, тоскоолдук жаратышты. Судья тынчтыкка чакырганда, алар уккусу жок экенин айтышып токтотушкан жок. 

Сот аткаруучулар менен нааразычылык билдирген аял кайым айтышып, андан кийин жаңжалга айланып, ага башка адамдар да катышты. Аял залдан чыгарылгандан кийин отурум улантылды.

Отурум учурунда прокурор Ибраимовду күнөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну суранды. Ошондой эле ал Кулматовду да күнөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну, 2 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости