www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гулистан шаарында бир айлык наристени 18 миң долларга сатууга аракет кылып жаткан учурда наристенин апасы жана ага сатууга жардам берген аял кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда болгон. Далил катары ымыркайдын энесинен жана жанындагы аялдан көрсөтүлгөн суммадагы акча табылган.

Учурда бул факты боюнча Сырдарыя облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Каракалпакстан автономдук республикасында өз баласын 15 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости