www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоколад тууралуу эмнелерди билесиз?

-Шоколад жүрөктүн иштеши үчүн пайдалуу. Дайыма шоколад жеп турган адамдарда жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу 37 пайызга азаят.

-Шоколад мээдеги серотонин гормонун көбөйтүп, маанайды жакшыртат. Шоколаддын сезимге таасир этишин далилдеген окумуштуулардын изилдөөлөрү уланып жаткан кез.

-Шоколад эркектер арасындагы инфарк оорусуна чалдыгууну 17%га азайтат. Окумуштуулар бул жыйынтыкты 10 жыл бою жүргүзүлгөн эксперименттин негизинде дилилдешкен. Анда экспериментке катышкан эркектер жумасына 63 грамм шоколад жеп турушкан.

-Такай шоколад жеп жүргөн адамдар карыганда акылсыздыктан чанда гана азап чегишерин италиялык окумуштуулар далилдешкен.

-Шоколад ачкалык сезимди жоготот. Ачкалык сезимдин жок болуусу үчүн, 10 грамм кара шоколад жеп койгон жетиштүү.

-Шоколадды сүйүүчүлөр узагыраак жашашат. Муну далилдеген эксперимент 60 жылга созулуп, такай шоколад жеп жүрүү өмүр жибин бир жылга узартканы аныкталган.

-Көп эмес өлчөмдөгү шоколадды жеген адамдар математикалык тапшырмаларды мыкты чечерин Улуу Британиянын окумуштуулары айтып чыгышкан. Көпчүлүк адамдар да шоколаддын кичинекей бөлүгүн жегенден кийин жакшылап ой жүгүртө баштаганын айтышкан.

-Окумуштуулар бир чыны ысык шоколад ооруп турган тамакты жумшартып, жөтөлүү рефлексине бөгөт коёрун аныктап чыгышкан.

-Статистика боюнча, шоколад көп желген аймактан Нобель сыйлыгынын лауреаттары көп чыккан.

-Стресске кабылган адамдар нерв тутуму жайында болгон адамдарга караганда шоколадды 55 га көп жешет.

-Ак, сүт аралашкан шоколадга караганда кара шоколад адамдын ден соолугу үчүн бир топ пайдалуу. Ал үчүн анын курамында кант эмес, какао жана шоколад ликеру булушу шарт.

-Окумуштуулар шоколад менен безеткинин (прыщ) ортосундагы бир да байланышты табышкан эмес!

-Немис окумуштуулары шоколаддын курамындагы флавониддер ультрафиолет нурларды өзүнө сиңирип, терини коргоого жана кандын айланышына жардам бере турганын аныктоонун үстүндө иштеп келишет.

-Жаратылыш шарттары катаал өлкөлөрдө кара шоколад көздүн көрүүсүн жакшыртып, кан басымынын, холестериндин бир калыпта туруусун камсыздары окумуштуулар изилдөө учурунда тактап чыгышкан.

-Индиана университетинин окумуштуулары машыгуудан кийин сүт аралашкан шоколад жеген велосипедисттер спорттук суусундуктарды ичкендерге караганда аз чарчашканын жана сыноолорго болгон чыдамкайлык сапаттары жогору экенин далилдей алышкан.

-Италиялык окумуштуулардын маалыматы боюнча аталган таттуу азыкты жебеген аялдарга караганда дайыма шоколад жеп жүргөн аялдардын сексуалдык жашоолору алдаганча сапаттуу болот экен...

-Кара шоколад жогору болгон кан басымга каршы күрөштө жакшы жардам берет, бирок артынан сүт ичсеңиз пайданын баарын жууп саласыз.

Булак: Майдан.kg

Последние новости