www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселелерди бекитти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди. 

Маалым болгондой, түштөн кийин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2019-жылга карата отчетун угуу күтүлүүдө. 

И.Нуракун уулу парламенттин жыйынынан жарыялаган сүрөттөн депутаттардын дээрлиги жок экендигин жана 30га жетпеген эл өкүлү отурганын көрүүгө болот. 

Эртең менен вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин жыйынын башталганын жана ага 91 депутат катышып жатканын билдирген. Ал түз эфирден көрсөтүлбөгөндүктөн айтып койсо боло берет дегенби же 30 депутат көзүнө 90 болуп көрүнгөнбү? Анын калпын парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "ачыкка чыгарып койду. 

Буга чейин  Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Кийинчерээк ал Жогорку Кеңештин жыйындары түз эфирде көрсөтүлбөй турганын билдирген. Ошондой эле, парламенттеги 2 депутаттан жана Аппараттын 3 кызматкеринен дагы коронавирус илдети аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости