www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июнда Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. Ага 12 мамлекеттин аскерлери катышып, Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков жетекчилик кылууда.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген.
Парадга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдова, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен делегациялар барган. Кыргызстандык делегацияны президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп кеткен.
Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникасы тартылды. Эл 1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый параддын элементтерин көрүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg