www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Топчубек Тургуналиев: Фараондордун өлкөсүнөн жол баян

Дүйнөдө тарыхый, маданий эстеликтери, дүйнөлүк цивилизациядагы орду жагынан Байыркы Египетке тең келе турган өлкөнү табуу кыйын. Египет дегенде эле бизге дүйнөнүн 7 кереметине кирген пирамидалар, Александрия маягы, анан сфинкс, фараондор, мумиялар, Суэц каналы, мындан эки миң үч жүз жыл мурда негизделген Александрия китепканасы, баш аягы көрүнбөгөн кызыл чөлдөрдөгү гүлдөгөн аймактар эсибизге келет. Дүйнөдөгү эң байыркы цивилизациянын бешигин кимдин болбосун көргүсү келе тургандыгы да талашсыз. “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти, белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Т.Тургуналиев жаңы жылдын башталышында фараондордун өлкөсүндө болуп кайтты. Ал бизге ал жакка баргандыгынын себептери, таасирлери жөнүндө ой бөлүштү.

- Албетте, менин мурдатан эле Египетти көрүп, тарыхый маданий эстеликтери менен таанышкым келчү,- деп баштады өз сөзүн Топчубек Тургуналиев. - Ал оюмда эле, бирок бир шылтоо болбосо ойдогулардын көбүнө чоло тийбейт да эмеспи. Мен ал жакка кызым Саринанын чакыруусу менен бардым. Ал 5-6 тилди билет. 1996-жылы Дүйнөлук банктын Вашингтондогу башкы кеңсеси Кыргызстанга бир орун берген экен, кызым сынакка катышып, 8 адамдын ичинен жеңүүчү болуп, ошол жакка иштегени кеткен. Мындан эки жыл мурда ПРООНдун Азиядагы жана Африкадагы 32 өлкөсүнө арналган бир долбооруна башкы менеджер болуп Каирге көчүп барган. Ал ошондон бери байбичем экөөбүздү Египетти көрүп кетүүгө чакырып жүргөн. Байбичемдин буту ооруйт, андан коркуп ал жакка барбайм деди эле, январдын башында он үчүнчү, англис тилин жакшы билген Айбийке деген неберемди кошуп алып мен барып келдим. Неберем экөөбүздүн чыгымдарыбыздын баарын кызым Сарина көтөрдү.

- Египеттин кай жерлеринде болдуңуздар?

- Кызым Сарина Каирдин жакшы жериндеги чоң батирде турат экен. Анда неберем экөөбүз 3 күн болдук, пирамидаларды көрдүк, Каирдеги тарых музейине кирдик. Калган убактыбыз Нил дарыясында каттаган төрт кабаттуу чоң кемеде өттү. Аны менен Асуан плотинасына чейин бардык. Ал плотина 1960-жылдардын башталышында Советтер Союзунун жардамы менен курулган, дүйнөдөгү адам колунан жаралган эң чоң көл. 1964-жылы анын ачылышына мурдагы Союздун ошол убактагы жетекчиси Никита Хрущев барып катышып, Египеттин жетекчиси Гамель Абдель Насерге Баатырлык жылдызды тапшырган. Ошо плотинаны куруп, иштетүүгө катышкан айрым орустар ал жакта биротоло калып калган экен, алардын тукумдары бар дешти. Насер Египеттин 1950-жылдардын башында монархиялык түзүлүш кыйрагандан кийинки экинчи жетекчиси болгон. Көлгө анын ысымы берилген. Көлдүн узундугу 500 чакырымдай болсо, анын 150 чакырымдайы Судан мамлекетинин аймагында. Туурасы 60-70 чакырымдай. Мына ошол плотинаны куруп жатканда Абу-Симбелдеги Рамзес-2нин тушунда бийиктиги 100 метрлик аскага оюп жасалган храм, ар кандай кудайларга арналып гранитте чегилген бийиктиги 20 метрлик 4 айкел суунун алдында кала турган болуп калат. ЮНЕСКОнун кийлигишүүсүндө алардын баары 20-30 тонналык көлөмдө кесилип алынып, мурдагы ордуларынан 250-300 метр аралыктагы суу каптабай турган жерге кайра кураштырылып орнотулат. Ошол көлгө барып эс алдык, керемет жай экен. Нилдин плотинадан төмөнкү бөлүгүндө таптакыр крокодил жок, ал эми андан жогорку бөлүгүндө 60 миңден ашык крокодил бар дешти.

- Сизге эмнелер өзгөчө чоң таасир калтырды?

- Мен байыркы Грецияда жашаган, тарых илимдеринин атасы деп аталган Геродоттун “бул дүйнөдө египеттердикиндей улуу эстеликтерди жараткан эл жок” деген сөзүн, Наполеондун жоокерлерин пирамидалардын жанына тизип алып, “мына силерди 45 кылым карап турат, буга татыктуу болгула” деген сөздөрүн мурдатан эле билчүмүн. Бирок, окуган, уккан бир башка, ал эми өз көзүң менен көргөнүңдө өзгөчө күчтүү жаңыча таасирлер, ассоциациялар жаралат экен. Пирамидаларды карап туруп чындыгында эле алардын техника, технология дегендин аты жыты жок, мындан 45-50 кылым мурда курулгандыгына ишенбей да кетет экенсиң. Египетте бардыгы болуп Мемфистин түндүгүнөн түштүгүнө созулган 50 чакырымдык аралыкта 80ден ашык пирамидалар жайгашкан. Алардын ичинде гранит чулу таштардан курулгандары, бышкан кыштардан, жөн эле дубалдан тургузулгандары да бар. Ылайдан, кыштардан курулгандарынын көпчүлүгү урап, жарымы, айрымдарынын пайдубалдары эле калган. Ал эми кыркылган гранит таштардан тургузулгандары азыр деле мурдагыдай. Египеттиктерде “бардык нерселер убакыттан коркот, ал эми убакыт пирамидалардан гана коркот” дегендей маанидеги учкул сөздөр бар. Чындыгында эле дүйнөнүн башка жеринде адамдын колунан бүткөн 45-50 кылымдык жайлар, эстеликтер барбы? Жок. Кытайдын улуу дубалы деле Египеттиктердин ХХIХ-династиясынын тушунда курулган. Пирамидалардын ичинен эң атактуусу, туристтер көп барганы Каирге жакын Гиза деп аталган жердеги бири бирине жакын жайгашкан Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидалары, сфинкс болуп эсептелет. Ар бири 2,5 тоннадан 200 тоннага чейинки бүтүн гранит блоктордон тургузулган пирамидалар алгач суу өткүс бетон плиталар менен капталган, бирок кылымдар бою жергиликтүүлөр алардын сыртын курулуш үчүн көчүрүп, сыйрып ала берип, жылаңачтап салышкан. Азыр андай каптама Хефрен пирамидасынын баш жагында гана азыраак калган. Ар кандай согуштар, кагылышуулар да пирамидаларга кесепетин тийгизген. Маселен, мамлюктар пирамидаларды, сфинксти бута кылып, замбиректери менен аткылашып, сфинкстин бир жак бетин, пирамидалардын көпчүлүк сырткы каптамаларын көчүрүп салышкандыгы жазылып калган. Христиан-коптор да көп зыян келтиршиптир. Бирок, пирамидалардын жайгашышы, алардын курулган убагы, гранит таштардын чегилиши, ташылуусу жөнүндө дагы деле окумуштууларда бир пикир жок. Аларды бир убакта океандын түбүнө чөгүп кеткен Атлантида цивилизациясынын адамдары, же Сируис планетасынан келгендер курган деген божомолдор да бар. Мен алардын чындыкка жакын негизи бар окшойт деп ойлойм. Окурманым, ойлоп көрүң, эгерде 6 пирамидадагы гранит таштарды брусчаткаларга айландырып, кенендиги 6 метрлик кылып тизсе, ал узундугу 12 миң километрлик таш жол болот экен. Бу деген Бишкек менен Вашингтондон да алысыраак дегенди билдирет. Ошончо кара жолду куруу үчүн деле канча убакыт, чыгым кетет? Ал эми Хеопстун пирамидасына эле ар бири 2,5 тоннадан ашык бир канча миллиондон ашык гранит блок кеткен. Пайдубалдарына салмагы 200-300 тонналык гранит блоктор коюлган. Байыркы мезгилдеги шарттарда алардын 200-300 чакырым алыс жерлерден баржалар, арабалар менен ташылып келип, анан примитивдүү шаймандар менен ондогон метрлик бийиктиктерге чыгарылып, бышкан кыштардай кынапталып тизилгенин элестетип көрүңүзчү?

- Ал граниттер кай жактардан алынып келинген?

- Гранит таштар кесилип алынды делген Абу-Симбел өрөөнү Каирден 250-300 чакырым алыстыкта жайгашкан. Илим менен техника, технология өнүгүп өскөн ХХ- кылымдын аягында деле биз Чычкан капчыгайындагы ак мармар таштарды кесип алгандын жолун таппай жардырып, анан Бишкекке ташып келип, майдалап кесип, жылмалап жүргөнбүз. Байыркы Египеттиктер мындан 4,5-5 миң жыл мурда мармардан да катуу граниттерди блок-блок кылып кесип, прамидаларды гана курушпастан, сандыктарды, айкелдерди, а түгүл зергердик буюмдарды жасашкан. Ал эми Нилдин Батыш жээгиндеги Хатшепсут деген фараон аял гранит асканы ойдуруп, анын ичине керемет хан сарай жасаткан экен. Мен анын ичине кирип көрдүм, дубалдары, колонналары тим эле мармар таштардай жылтылдап, көз уялтат. Гранит таштардан азыр деле андай нерселерди жасоо кыйын. Ошондуктан Египеттеги байыркы эстеликтердин көбүн бизге белгисиз башка цивилизациядагылар же чындап эле Сируис планетасынан келгендер калтырышса керек деген ойдо калдым. Дагы бир таң калыштуусу, Египеттеги пирамидалардын түзүлүшү, геометриялык жана күнгө карата жайгашуусу Латын Америкасындагы пирамидалар, Англиядагы Стоунхемж менен окшош, алардын генезиси бир болсо керек деген ойлор да айтылып келатат. Маселен, Гизадагы үч пирамида бири-бирине жакын турган менен бири-бирине көлөкөлөрү тийбей тургандай жайгаштырылган. Анда пирамидалар космикалык көрүнүшпү? Андай болушу да мүмкүн. 

- Каирдеги тарых музейинин жаңы имараты курулуп бүттү, ал архитектуралык жагынан Александриядагы китепканадай эле дүйнөдө сейрек кездешет деген маалымат тараган. Ал жерде болдуңузбу?

- Жок, тарых музейи жаңы имаратка көчө элек экен. Эки кабаттуу эскисинде болдук. Ал жердегилердин баары менен таанышууга бир жума деле аздык кылат окшойт. Ал жерде чоң кичинеси болуп бардыгы 4 миңден ашык экспонат бар дешти. Өзүңөр ойлоп көргүлө, ар бирин 1-2 мүнөттөн кароо үчүн деле канча убакыт кетет? Мумиялардын залы өзүнчө, ал жерде 20дан ашык мумия сакталат. Эшиктен киргениңде эле граниттерден жасалган, жылмалыгы айнектен да өткөн таш сандыктар, кабырлар, айкелдер, буюмдар... Тутанхамондун чылк алтындан асыл таштар менен кооздолуп жасалган, жалпы салмагы 110 килограммдык табыты менен 10 килограммдан ашык маскасын эки адам жылбай кайтарып отурушат. Дагы башка байыркы заманда жашагандарга мүнөздүү таштан, темирден, алтындан, жезден жана колодон жасалган тиричиликтик, аскердик буюмдар, жасалгалар... Деги койчу, мындан 3-4 миң жылда адам колунан жаралгандардан башың айланат. Анан мага ал жердегилердин байыркы Египеттин байлыктарынын дагы деле 60 пайызы жер алдында жатат дегени катуу таасир калтырды.

- Сиз ал жөнүндө кандай ойго келдиңиз?

- Мен да керемет эстелик таап алсам деп, Нилдин батыш жээгиндеги заңгыраган дөбөнү ээлеп келдим. Оюм менен орошон дүйнөгө кирип, Египетте кыргыз уулунун да изи калсын деген таризде...

- Аны кандайча түшүнсө болот?

- Египет дүйнөдөгү климаты эң кургак өлкө, анын тарыхында 6 жыл катары менен жамгыр жаабаган учурлар да болгон. Жер кыртышы кургак, анын түбүндө калган нерселер оңой менен бузулбайт, чирибейт, дат баспайт. Ал эми үстү жылма кум болгон. Пирамидаларды деле жылда тазалап турушпаса, эбак эле жылма кумдун алдында калмак. Ошондонбу, айтор, өлкөнүн бай тарыхындагы династиялардын башкаруучулары, фараондор жайларын, кампаларын көбүнчө жердин түбүнө курушкан. Окумуштуулардын пикиринде, жердин терең катмарында калгандардын көпчүлүгү али табыла элек. Ал эми кыртышка жакын бөлүгүндөгүлөрдүн көбү мурда казылып, пирамидалардын саркогафтарындагы буюмдардай эле ар кимдер тарабынан таланып, тонолуп уурдалып кеткен.

- Египетте эң улуу археологиялык ачылышты ким жасаган?

- 1922- жылы Англиядан Картер деген археолог келип, кокусунан суу жырып кеткен жерди казып, Тутанхамондун саркогафын издейт. Мурда канча казса да эч нерсе таппайт. Акырында үмүтү үзүлгөндө жанында турган кызматчысынын колундагы идиштен суу төгүлүп кетип, ал көлкүп калбай, дароо бир кычыкка агып кирип кетет. Ал жерди казышса, 19 жашында, мүмкүн, киши колдуу болуп өлгөн, байыркы Египеттин ХVIII-династиясынын 12- башкаруучусу Тутанхамондун табыты табылат. Анын табыты 111 килограммдык, маскасы 11 килограммдык таза алтындан жасалган экен. Окумуштуулар табытты изилдешкенде, баарынан ал алтындын түркүн заттар бар кенден ушунчалык таза бөлүнүп алынгандыгына таң калышат. Анткени, табиятта андай көлөмдө таза алтын болбойт, деги эле асыл таштар уулуу химикаттарды колдонуу аркылуу татаал процесстерде атайын жабдуулар аркылуу башка аралашмалардан ажыратылып алынат. Азыр деле алтынды таптаза бөлгөн өлкөлөр аз. Ал эми Тутанхамон мындан 3350 жыл мурда жашаган. Демек, ошол убакытта эле байыркы Египетте тоо кендерин иштетүүнүн эң мыкты технологиялары болгон.

- Фараондордун, ак сөөктөрдүн гана эмес, атүгүл айрым тотемдик жаныбарларды мумиялашкан дешет го.

- Археологиялык казууларда бир жерден 1 миллиондой мышыктын мумиясы чыгыптыр. Миллионду эмес, бир тирүү жанды мумиялаганга канча убакыт кетет? Ал үчүн организмдин ичиндеги тез бузула тургандардын баарын алып таштап, тери менен сөөктөрдү гана калтырып, алардын ордуна атайын заттарды киргизип, катырып, дагы башка нерселерди колдонуп, тропикалык ысыкта да аны түбөлүккө сактала тургандай кылуу керек. Ал көп тармактар боюнча билимди, даярдыкты талап кылат. Демек, байыркы Египеттиктерде таш, темир устачылыгы, зергерчилик гана эмес, биология, медицина да абдан өнүккөн. Мен, эгерде адам-адам колунан жаралгандардын кереметтерин көрүп, анын мүмкүнчүлүктөрүнө таң калгысы келсе, Египетке барышы керек экен деген ойдо калдым. Өзүңүз элестетип көрүңүз, тарыхта алгачкы кыргыздар жөнүндө маалыматтардын пайда болушу, египеттиктердин ХХХдинастиясынын башкаруусуна туура келет. Ал династиядагылардын баарын кошкондо 100дөн ашык фараон жашап өткөн. Алардын айрымдары Египетти 60 жылдан ашык башкарган. Тилекке каршы, байбичем бутуна шылтап барбай койду дебедимби, ал жерлерде балдары, неберелери жетелеген кемпир-чалдар, арабаларда отурган майыптар деле жүрүшөт. Эч кимге өөн көрүнбөйт. Байбичем кошо барбагандыгына өкүндүм.

- Египеттин тарыхында түрк фактору да күчтүү деп айтылат. Бул жаатта эмнелер менен тааныша алдыңыз?

- Каирдин так ортосунда Ордо деген жер бар деп уктум, сыягы ал теги түрк башкаруучулардын ордосу болсо керек, бирок түрктөргө байланышкандар менен атайын тааныша албадым. Ага убактым болбоду. Арабдар ал жакка 7- кылымда барышса, 1260-жылы Египетти мамлюктар басып алышкан. Алардын арасында кыргыздар, арийлер да болушкан. Андан кийин Дашты-Кыпчак талаасынан сатылып барган кул Бейбарс өзүнүн эрдиги, уюштуруучулук таланты менен жан сакчылыктан - хандыкка чейин жетип, көп жыл мамлекеттин жетекчиси болгон. 1517-жылдан ХIХкылымга чейин Египет Осмон империясына караган. Же аны түрктөр жалпысынан 5 кылымдан ашык башкарган. Албетте, ал Египеттин тарыхына, маданиятына, этностук калыптануусуна өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Мурдагы убактарда Каирде, анын айлана тегеректеринде түрктөр көп болгон, бирок алар акырындап арабдарга сиңишип кеткен дешти. Каирде 5 гектар жери менен Бейбарс мечити бар, ага Н. Назарбаевдин демилгеси менен казак өкмөтү 3 миллиондон ашык доллар жумшап, оңдоп, түздөптүр. Египеттиктер мамлекетти 1804-848-жылдары башкарган, теги түрк Мухаммед Алини аябай жогору баалап, ал өз убагында Петр-1 Россия үчүн кандай иштерди аткарса, ал да египеттиктер үчүн ошондой рол ойногон дешет экен. Ал курдурган мечит шаардын эң бийик жеринде заңкайып турат. Анын кире беришинин оң жагына Мухаммед Алинин сөөгү коюлган. Менимче, бул өзүнчө изилдөөнү талап кыла турган маселе.

- Египетте биз үйрөнүп, өздөштүргүдөй эмнелер бар деп ойлойсуз?

- Египет калкы 100 миллионго жакындап калган чоң өлкө, элинин далайы кедей, сабатсыз. Ал улуттук ички дүң жыйымынын жарымына жакынын туризмден жана Суэц каналынан алат. 2015-жылы Суэцтин экинчи каналы ишке киргизилгенден кийин кирешеси дагы көбөйүптүр. Алардын тарыхый, маданий эстеликтерге, туристтерге жасаган мамилелери, тейлөө жагы өзгөчө сөзгө арзыйт. Мурдагы убактарда Египеттин тарыхый, маданий эстеликтеринин көбү талкаланган, уурдалган, бирок калгандарына аябагандай аяр мамиле жасашат. Музей, китепканаларындагы манускриптер, иероглифтер брондолгон айнектерде сакталат. Каир музейине эки постто текшерип киргизишет. Кайда барбагын баасы деле салыштырмалуу арзан, 4-5 жылдыздуу отелдер, мыкты тейлөө. Биз түшкөн кемеде бассейн да бар экен, неберем андан чыкпады. Сүзгүчтүгү менен көптү таң калтырды. Ал жерде Каир университетин бүтүргөндөр гана гиддик жумушка алынат экен. Биз да кызым жалдап берген гиддердин кызматтарынан пайдаландык, аябагандай илбериңки, кандай маселени сурабагын токтолбой так жооп беришет. Бизде, албетте, тарыхый, маданий эстеликтердин башка түрлөрү-гениалдуу “Манас” бар, улуу манасчылар, төкмө акындар, олуялар болгон, бирок саякатчыларга жасаган мамилени, маданиятты алардан да үйрөнсөк, ашыкча болбойт деген ойдо калдым.

- Эми окурмандарга карата кандай каалоо-тилектериңиз бар?

- Элибизде “ылайым бала-чакаңдын үзүрүн көр” деген жакшы каалоо-тилек бар эмеспи. Жашым сексенге чамалаганда мага Египетти көрсөтүп, көз карашымды кеңейтип, ички дүйнөмдү байыткан Сарина кызыма ыраазымын. Башка балдарымдын, неберелеримдин да үзүрүн көрүп жатам. Ылайым бардык ата-энелер өздөрү тарбиялап өстүрүшкөн балдарынын, неберелеринин үзүрүн көрүшсүн.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости