www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбек Сарпашев деген учурунда Майрам Акаеванын классташы Касымовдун кызына баш кошуп «Градиент» фирмасын уюштурган Атамбаевдин вице-премьери бар. Кыргыз тендерин тескеген Сарпашев парламентте буту үзүлгүчө чуркап жүрүп мөңгүлөрдү «Центерра» талкалоого мыйзам түзүп берген.

 

Сарпашев кыргыз элин жеш үчүн Касымовго күч күйөө болгонбу?

Сарпашев Ош базарында батиңке сатып жүргөндө, ар кимге «каскадер» болуп «вузга» өткөзүп жүргөн агасынын акылына жакшы нерсе келет. Ал ар кайсы кыздын артынан ээрчип жетпей жүргөн көк көз инисине Майрам Акаеванын классташы катары чалчаңдап чоң кызматтарда жүргөн Жолчубек тоюз, Тойчубек Касымовдун кызына ууга чыгып алып берет. Касымов Таласка губернатор болуп жол салат да ашуу, бурулуш, белдерге Аскар Акаевдин, классташы Майрам Акаеванын, Мисир Ашыркуловдун, Дастан Сарыгуловдун аттарын ыроолоп Көлгө губернатор болот. Ал жерде түз эле Алматыга жол салып, көнгөн адаты боюнча бийликтегилердин атына жамынып бул жерди кайсайт. Анын мындай дарамети Акаевге жагып улам өйдөлөп турганда, кызын алган «мурдунун чимкиригин аарчый албай» жүргөн Тайырбек Сарпашевди депутат кылып, «Градиент» фирмасын түзүп берет. Бакиевдин убагында кайынатасы Касымов Болгарияда жашынып жатса, күч күйөөсү Тайырбек Сарпашев вице-спикер катары, ошол мезгилде кол шилтеп кеткен Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязовдордун ордуна бекем жабышкан. 2007-жылы 16-декабрда ал Каныбек Иманалиев менен ыйык «Туран» партиясын түзгөнү менен Бакиевдин жетелендисинде калат. 2011 –жылы Сарпашев «хамалеондой» кубулуп Атамбаевдин «Форумдагы»  Бишкек шаардык штабын жетектеп калат. Анын жылдызы Атамбаев бийликке келген күндөн баштап жанат. Ал жетектеген «Градиент» фирмасы 2010-жылдан баштап жарым миллиард долларлык 110 мамлекеттик тендерди утуп алган. Албетте ал ЖЧКнын башында биринчи вице-премьердин бир тууган агасы Эмир-Радик Сарпашев отуруп, анын тендерден утуп алганы тууралуу документтер сакталып турганын айта кетмекчибиз.

Бул боюнча Жогорку Кеңеште Максат Сабиров башында турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Максат Сабировдун айтуусунда  «Градиент» ЖЧКсы «Кумтөргө» күйүүчү май ташып, ал жерден иштетилген күйүүчү майды алып чыгып фермерлерге сатып, ортодо Тайырбек Сарпашевге таянып жок жерден байлык топтоп жатат деген. Бирок, ал комиссиянын тамагын майлай коюштубу, үнү чыкпай дымып калды. Бул комиссия ушул иш боюнча  иш жүргүзүп отуруп биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жетегинде 8 компания Тойчубек Касымов - Максим Бакиевдин убагынан бери гүлдөп келатканы маалим болгон:

  1. «Градиент-Строй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Апазбек Сарпашев, жетекчиси Алмазбек Сарпашев;
  2. Кыргыз-казак биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, уюштуруучусу 2013-жылдын февралына чейин Тайырбек Сарпашев, андан соң Эмир-Радик Сарпашев;
  3. «Градиент Церера» дыйкан чарбасы, уюштуруучусу  Дүйшөке Сарпашев (атасы), жетекчиси Абдрашит Лапазов;
  4. «Градиент-Токтогул» ЖЧКсы, уюштуруучусу Наталья Ким менен Сергей Осипов, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;
  5. «Градиент-NET» ЖЧКсы, уюштуруучусу казак-кыргыз биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, жетекчиси Болот Борболдоев;
  6. «Градиент-Недвижимость» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;
  7. «Градиент-Групп» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Владислав Ли;
  8. «Градиент-Чуй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Сүйүн Кадыров, Мелисбек Иманалиев, Мирлан Акматов, жетекчиси Сүйүн Кадыров;

2014-жылдын декабрь айында бийликтин камчы «чабаары» Тайырбек Сарпашев 2013-жылдын февралына чейин мыйзамдуу, бүгүн мыйзамсыз башкарып келаткан «Градиент» ЖЧКсы 2012-жылы 9 мамлекеттик тендерди утса, 2013-жылы 12 тендерди уткан. Комиссиянын айтымында  2010-жылдын 2013-жылга чейин эле компания 529 млн 522 миң сомдук  110 тендерди утуп алган.

                     Документтер боюнча «Градиент» ЖЧКсы 2010 жылы 34 млн 774 миң сомдук 18 тендер утуп алса, ар бир тендер орто эсеп менен 1 млн 931 миң сомду түзгөн.
2011 - жылы компания ого бетер күчөп,  жалпы суммасы127 млн 92 миң 275 сомдук 34 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендер 3 млн 738 миң сомду түзгөн.

2012 -жылы «Градиент» ЖЧКсы  190 млн 530 миң сомдук 32 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендердин баасы ракеталык ылдамдык менен жогорулап 5 млн 954 миң. сомду түзгөн.
«Шекшинген өзү шектенет»  2013 жылдан баштап компания анын тендерине болгон кызыгуулар көбөйүп, тендер утуп алуу саны азайган, ошого карабай  жалпы суммасы 168 млн 157 миң. сомдук 26 тендерди чапчый жыгылган. Орто эсеп боюнча ар бир тендердин наркы - 6 млн 467 миң. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр кызматына Тайырбек Сарпашев  2012 жылдын сентябрь айында дайындалган. Ал кызматка чейин СДПКнын Бишкек шаары боюнча «Форумда» бийликтин бир бучкагын чоюп турганын билебиз. «Форумда» жүргөн адамдар тарабынан Акаевдин брондолгон «Мерседес» автомобили миллион долларга антиквартиарт, эски оокаттарды сүйүүчүлөргө сатылып кеткен. Бул мамлекеттик мүлк тууралуу биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жакшы билет, бирок унчукпайт, унчуга турган болсо өз башына үйүлгөн тоо жоо болору белгилүү. Учурда Тайырбек Сарпашев бизнесин сактап калыш үчүн депутаттык мандатка жулунуп жаткан учуру.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости