www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын “Үй бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзамы ар бир адамга, анын ичинде балага карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда учурда мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жардам берүүсүн жана коргоого алуусун кепилдикке алат. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Үй-бүлө жана гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү маселелери Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн бири болуп саналат.

Үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси азыркы учурда актуалдуу болуп саналат. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылар боюнча жабыркагандар официалдуу түрдө кайрылбагандыгы, күбөлөрдүн көрмөксөнгө салып койгондугу тынчсыздандырбай койбойт.

БИЗДИН АР БИРИБИЗ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТО АЛАБЫЗ!

Үй-бүлөдөгү зомбулук: - Эмне кылыш керек? Кимге кайрылыш керек? Кайда барыш керек? Сизге жардам беришет:

Ишки иштер органдары:

-Ар бир адамдын билдирүүсү боюнча (тууганынын, кошунасынын, күбөнүн, медицина кызматкерлердин, квартал жетекчисинин, үй комитетинин ж.б.) кабыл алат, арызды каттайт жана жабыр тарткан адамды коргоо менен камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактайт;

-Жабырлануучуга жана зомбулукту кылган адамга 3 күнгө чейин коргоо ордерин берет жана аны шарттарынын аткарылышын көзөмөөлдөйт; жабыр тарткан адамдын арызы боюнча коргоо ордеринин мөөнөтүн 30 күнгө узартат;

-Жабыр тарткан адамды жардам берүү кызматтары менен камсыз кылат жана анын макулдугу менен жардам алууга жөнөтөт;

-Жабыр тарткан адамдын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жумушуна чара көрүү үчүн маалымат жөнөтөт, ошондой эле мындай маалыматты социалдык органдарга жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жөнөтүшөт.

Прокуратура органдары:

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден-соолугунун абалы, жаш-курагы боюнча, же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылат.

Соттор жарандык сот өндүрүшүнүн негизинде төмөнкү даттануу арыздарын карашат:

-Бирге чогуу жашаган турак-жайдан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жарандарды убактылуу чыгаруу талабы жөнүндө;

-өспүрүм балдар менен байланыштуу иштерде ата-энелик укугун чектөө жөнүндө;

-үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаранды жарандык мыйзамга ылайык кыймыл- аракети чектелген жаран каттары тануу жөнүндө.

Саламаттык сактоо органдары:

-медициналык жардам көрсөтөт;

-зомбулук/кыйноолор жана орой мамиле жасалгандыгы боюнча кайрылганда (келип түшкөн учурда) медициналык текшерүү формасы боюнча зомбулуктун зыяндарын документештирет, булар болсо, сотто далил катары каралат;

-бейтапка амбулаториялык медициналык картадан же стационардык оорулуунун картасынан көчүрмөлөрдү берет.

Социалдык жактан өнүктүрүү органдары:

көрсөтүү иштерин уюштурат;

-үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусунун макулдугу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт;

-үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамды оңдоп-түзөтүүчү программага жөнөтөт.

Билим берүү уюмдары:

-жашы жете элек өспүрүмдөргө карата үй-бүлөлүк зомбулуктун такталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлайт;

-ата-энелерге жана аларды алмаштыруучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана андан сактоо, коргоо чаралары жөнүндө маалымат берет.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары (мэрия, айыл өкмөттөрү):

-үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо көйгөйлөрү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;

-үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо коркунучу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;

-үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды тезинен коопсуз жайга жайгаштыруу үчүн ички иштер органдарына жардам көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:

-үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча аракетсиздиги (аракети) үчүн тиешелүү кызматкерди тартиптик же кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко же прокуратура органдарына кайрылат.

Аксакалдар соттору:

-аксакал соттору үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштерди аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамда карлаган тартипте карайт жана чечет;

-үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга коомдук жазалоо чечимин чыгарат.

Кризистик борборлору:

-үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү социалдык. Укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоолор менен жардамдарды көрсөтөт.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча каякка кайрылуу керек?

Бишкек ШИИББи (0312) 43-71-75
Чүй ОИИББси (0312) 43-88-85
Ош ОИИБсы (03222) 5-59-10
Талас ОИИБсы (03422) 5-29-98
Ысык-Көл ОИИБсы (03922) 5-24-14
Жалал-Абад ОИИБсы (03722) 5-66-66
Нарын ОИИБсы (03522) 5-09-21
Баткен ОИИБсы (03622) 5-00-15
КРнын ИИМдин нөөмөт бөлүмү (0312) 66-23-31
КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы (0312) 26-62-83
КРнын ИИМдин ишеним телефону (0312) 26-64-18
Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору:

Милиция 102

Балдар үчүн ишеним телефону 111

“112-системасы” 112

Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору (0312) 54-29-34(0312) 44-25-10

КРнын акыйкатчысынын түз байланыш телефону
(жумуш убактыларында) 115

Кризистик борборлордун телефондору:

“Шанс” КБ, Бишкек ш. (0709) 71-03-20
“Сезим” КБ, Бишкек ш. (0312) 51-26-40, (0312) 31-13-29
“Ак-Жүрөк” КБ, Ош ш. (0550) 23-13-29, (0322) 4-59-76
“Аруулан” КБ, Ош ш. (0776) 38-07-77, (0322) 5-56-08
“Мээрбан” КБ, Ош ш. (0559) 49-20-07
“Акылкарачач” КБ, Алай району (0555) 28-14-23
Гүлчө айылы (0776) 28-14-23
“Жаңыл Мырза” КБ. Баткен ш. (0777) 39-30-77
“Маана” КБ, Талас ш. (0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85
“Теңдеш” КБ, Нарын ш. (03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90
“Энсан-Диамонд” КБ, Ош ш. (0772) 32-89-60, (03222) 5-50-84
“Каниет” КБ, Жалал-Абад ш. (03722) 5-50-84
“Аялзат” КБ, Каракол ш. (0553) 83-57-17
“Алтынай” КБ, Чолпон-Ата ш. (0709) 69-45-50

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости