www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдун Петроград районунда мажбурлап жаткырылган Алла Ильинанын ооруканадан качып кеткендиги  боюнча жазганбыз. Бүгүн ага карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы билдирди.

Малыматка ылайык, арызды Санкт-Петербургдун башкы  санитардык дарыгери жазган.

Ильина январь айынын аягында Петербургга Кытайдан учуп келген. Бир нече күндөн кийин ал өзүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылган. Алар аны 14 күнгө карантинге жөнөтүшкөн. Алла коронавирус оорусу чыкпагандыктан, бул чечимди анын эркиндик укугун бузуу деп санап, бир нече күндөн кийин качып кеткен.

NEWS.ru басылмасы билдиргендей, Санкт-Петербургдун башкы санитардык дарыгери сотко арыз жазган. Ал качып кеткен бейтапты күч менен ооруканага кайтарууну талап кылып, аял кармалган.

Айымдын анализдеринин жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу аз дегенде 19-февралга чейин изолятордо камалаары тууралуу сот өкүм чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости