www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз парламентинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV олтурумунда орусча онтоп сүйлөгөнү коомчулукта чоң сынга кабылды.
Ооба, аны эч ким орусча сүйлө деген жери жок. Нары түрк парламенттер аларалык жыйыны болуп жатса, төрагабыз эмнеге кыргызча сүйлөбөдү?
Бирок, ошол эле "бакиевчи" деген депутатыбыз Улукбек Ормонов төраганы колдогон, дегеле кыргыздардын оюн билдирген шилтеме жазууда.
Анын айтымында, "кавказдыктар орусчаны өздөрүнүн тилине ыңгайлаштырып сүйлөшсө, сыймыктанышат. Биз болсо кыйкырып, баса калып жатабыз. Ар бир киши орус тилинде так сүйлөшү керек деген талап жок. Мамлекеттик чоң кызматтагылар биринчи кезекте кыргыз тилинде так сүйлөшү керек. Андан кийин орус тилинде, англис тилинде сүйлөсө болот".
Чын да! Төрага алгач кыргыз тилинде эле так сүйлөп салса болмок, билбейт эмес, билет. Өзүбүзгө окшоп эле айылдан чыккан колхозчунун жигити! Карапайым. Анан эмне күч келди, билбейбиз...
Булак: NazarNews.kg