www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бабановду «Жерүй» үчүн жана качып кеткени үчүн эч ким кечирбейт», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Төрөбай Колубаев.

- Төрөбай мырза, камакка алынгандарды колдоо митинги Таласка да жетиптир. Бабановду колдоп митингге чыккандар анын ак жеримден күйүп жатам деген катына ишенип колдоп чыгыштыбы же биздин бала деген түшүнүк менен колдоого аргасыз болуштубу?

- Бабановду биздин бала деп же болбосо, Таластын баласы ак иштеп, бирок саясаттын курмандыгы болуп камалып жатат деген ойдон алысмын. Себеби, мен да таластанмын.  Митингдин катышуучуларын Кара-Буурадан алып келип, 500 сомдон бериптир деп угуп жатам. Бабановдун анча-мынча тарапташтарын акчага зарыккандар жана иши жок боштор кошулуп, катарын толуктап жатыптыр. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бабановдун тарапташтарына кайрылып кетет элем. Бабановду кудай колдоп, көп шанс берген. Болгону, өзү коркоктугунан, коён жүрөктүгүнөн ошол мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган эмес. Канча саксынса да акыры бара турган жерине барды.

- Таласта Бабановдун тарапташтары көппү?

- Тарапташтары деле анчалык деле көп эмес. Анткени, мен Суваналиев менен шайлоодо жүргөндө Бабановду жактаган кишилер өтө эле аз экенин байкагам.  Акчага азгырылгандар эле анын таламын талашпаса, Талас элинин баары Бабановду колдойт дегенге ишенбейм. Анткени, Бабановду «Жерүй» үчүн Талас эли кечирбейт. Ошондой эле, 600 миң киши колдоп добуш берсе да, коён жүрөктүгүн карматып, качып кеткени үчүн да эч кимдин кечиргиси да келбейт. Кыскасы, Бабановдун доору бүткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости