www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, президент Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон адамдарга сыйлыктарын тапшырат. Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимовдор көзү өтсө да татыктуу “Баатырлардан” болушту.
Кедей- дыйкандын үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлүп, тогуз жашынан он алты жашына чейин жалданып иштеп жүргѳн Кулатов чагылгандай тездик менен бийлик башына келет. Ал он сегиз жашынан жыйырма беш жашына чейин шахтада жумушчу болуп иштеп, партиянын катарына ѳтѳт да, алгачкы карьерасын баштайт. Кулатов жыйырма тогуз жашында араӊ «Жал» шахтасында парторг болгон. Отузга караганда Кызыл-Кыяга вице-мэр, андан «Кѳмүр королуна» «вазир» болуп, кыргыз мамлекеттик ишмерлери бүтүндѳй репрессияга учураган 1938-жылы, отуз жашында күтүлбѳгѳн ракетадай ылдамдык менен премьер-министр болгон.
Согуш бүткѳн 1945-жылы ал премьер-министрликти Өзбекстандан келген билимдүү Исхак Раззаковго ѳткѳзүп, Жогорку Кеӊешке спикер болот. Кыргызстанга спикер менен катар СССР Жогорку Кеӊешинин вице-спикери болуп жетимиш жашка толгуча 1978-жылга чейин кыргыз эли үчүн иштеп берген. 1938-жылдан 1978-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын бюро мүчѳсү жана кыргыз бийлигинин бир учун чойгон Кулатов беш Ленин орден алса да "Баатырлыкка" жана №1 жетекчиге жете алган эмес.
Карапайым жумушчудан чыккандыктанбы карапайым эл менен жакын болгон. Рысбай Абдыкадыровго окшогон таланттууларды чакыртып алып, эмне жардам керек деп сурачу экен да. Рысбай рояль сурайт, кийин айткан экен, там сурайбы десем, аспап сурайт деп. Ал мезгилде республиканын спикеринин каалаган адамына там берип коё турган мүмкүнчүлүгү бар эле. Чындыгында Кулатов жѳнүндѳ кѳптѳгѳн аӊыз эл оозунда калды. Бекер жеринен билими жок болсо да кырк жылы Кыргызстандын бийлик элитасында жүргѳн жок да.
Кулатовдун мындай тездик менен кызмат жагынан кѳтѳрүлүшүн кийин бир гана Таштанбек Акматов кайталады. Кулатовду жыгыш үчүн үстүнѳн компромат топтоп Москвага чейин барышса Кулатовду кулачын жайып тосуп алчу Брежнев классташы, Тѳрѳбай тѳрѳ силерге окшоп компромат чогултпайт, ал дайыма мени менен жолукканда иш тууралуу сѳз кылат. Эгерде анын билими жетиштүү болгондо, ага мындан да чоӊ жумушту берсек болмок деп койгон экен. Брежнев колдоп атса Кулатовду ким кулата алат? Кулатовду кулатам дегендер ѳздѳрү кулабайбы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg