www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Соттордун өзүн соттоп баштаганда гана жоопкерчиликтен корккон соттор мыйзамдуу чечим кабыл алып башташат”, - деди бүгүн, 10-июнда NazarNews маалымат агенттигине уюлдук компаниянын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков.

- Төрөхан мырза, “Кумтөргө” байланыштуу иштерде барган сайын түрдүү жагдайлар ачыкка чыга баштады. Кумтөрдөн стипендия алгандар дагы жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- “Кумтөргө” байланышы бар адамдар, кандай кырдаал болбосун “Кумтөрдүн” таламын талашабыз деп айлык жана стипендия алгандардын баары жоопко тартылуусу керек. Жоопко тартылгандардын катарын президенттер да толукташы керек. Анткени, коррупция деген кылмыш иши далилденсе гана биз эл аралык деңгээлде “Кумтөрдү” Канадалыктардан тартып алышыбыз мыйзамдуу болот...Антпесек, бизге эл аралык инвесторлор келбей калышы мүмкүн...

- Баса сот реформасы да башталгансып калды. Эмне кылсак, адилеттүү чечим чыгарган сотторду пайда кыла алабыз?

- Менимче адилеттүү чечим чыгарган сотторду коомдо пайда кылыш үчүн соттун өзүн соттой турган мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Соттордун өзүн соттоп баштаганда гана жоопкерчиликтен корккон соттор мыйзамдуу чечим кабыл алып башташат. Антпесек, соттор дагы деле өз билгенин кылып, ким каражат көп берсе, ошолорго ыктаган чечим чыгарып. Адилеттүүлүктөн ат чабым алыс иш кыла беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости