www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Садыр Жапаров элге берген убадаларын аткарыш үчүн жок дегенде бир ай эмес, бир жыл убакыт бериш керек», деди бүгүн, 9-марттар NazarNews маалымат агенттигине уюлдук компаниянын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков.

- Төрөхан, бүгүн парламент тарасын деп митингге чыккандардын ичинен Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялап алганы боюнча сотко берерин айтты. Жаңы Конституцияда чындап эле бийлик узурпацияланып жатабы?

- Биринчиден, Президенттик башкаруу болсун деп 80 пайыз эл чечти. Экинчиден, кандай президенттик башкаруу болушу керек деген маселени Садыр Жапаров эмес, Конституциялык кеңешме жана азыркы парламент чечип жатат. Жеңиш Молдокматов президентти эмес, бүгүнкү парламентти сотко бериши керек.

- Садыр Жапаров элге берген убадасын аткарган жок деген дооматы туурабы?

- Президент Садыр Жапаров элге берген убадаларын аткарыш үчүн жок дегенде бир ай эмес, бир жыл убакыт бериш керек... Бир айда баарын аткарып жибергидей Садыр Нуркожоевич сыйкырчы эмес го.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости