www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын четиндеги айылдардын биринде 4 жашар кыз каза болгон апасынын сөөгү менен батирде бир нече күн жашаган.
Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазшты.
Окуя аталган шаардын Выборгский районунун Каменка айылында болгон. Кыздын апасы, 40 жаштагы аял белгисиз себептерден улам өз үйүндө каза болгон.
Анын дайыны чыкпай калгандыктан жакындары полиция кызматына кабарлаган. Полиция кызматы аялдын жансыз денесин өзүнүн үйүнөн табышкан. Үйдө аны менен чогуу төрт жашар кызы дагы бар экендиги белгилүү болгон.
Маркумдун жакындарынын айтымына караганда, ал спирт ичимдигин иччү эмес. Укук коргоо органдары батирде азык-түлүк түгөнгөнүн, 4 жашар кыз аябай ачка абалда болгонун билдиришкен.
Учурда кыз каза болгон апасы менен үч-төрт күн батирде жатканы айтылууда. Эксперттер өлүмдүн так күнүн жана себебин белгилешти. Кыз ооруканада жана абалы жакшы экени айтылды.
Булак: NazarNews.kg