www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-марттан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттеринде күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Аталган бекеттерде күнү-түнү иштөөгө тиешелүү шарттар түзүлгөн. Маалыматка ылайык, бул тышкы экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоо максатында киргизилди.

"Торугарт" бекетинде "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты оңдолгон, унаалар үчүн алты жол тилкеси курулган. Жабык, жылууланган ангарлар орнотулду, анда бир эле учурда алты унаага карата бажы көзөмөлү жүргүзүлөт", деп жазылган анда.

Мындан тышкары кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Бажы кызматынын ачыктыгын камсыздоо үчүн эки бекетте тең унаалардын мамлекеттик номурун окуучу камералар орнотулган.

Аталган бекеттерде "Санарип тамга" долбоору пилоттук режимде иштеп, көзөмөл органдардын иштешүүсүнө маалыматтык тутум ишке киргизилген.

Президент Жапаров 21-декабрда "Торугарт-2" комплексинин ачылышына катышып жатып, "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттеринде жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштаган.

Кыргыз-кытай чек арасында "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости